www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Динара Молдошеванын айтымында салыктык эмес төлөмдөр Кыргызстандын бюджетин тескери сапырып жаткандай. Мамлекеттик бюджеттибиздин капчыгын кампайтып жаткан төлөмдөрдүн бири  салыктык эмес төлөмдөр. Биздин мамлекетте мисалга алсак жайыт төлөмдөрүн чогултуу жаатында 1 миллиард сомдон ашуун мүмкүнчүлүк бар. Мурда дагы, азыр дагы төлөмдөр толук чогултулган жок. Чогултулган каражаттар жөнүндөгү маалыматтарда да айырмачылык болуп жатат. Мисалы, өкмөт өкүлү 150 миллион сом чогулду десе, Жайыт комитетинин өкүлү 114 млн сом чогулттук дешет. Ушу кантип болсун дагы ушундай көрүнүш салыктык эмес төлөмдөр жайыттан башка жактарда да бар.

Молдошева Динаранын оюнча, айрыкча көңүл ачуу жайлары ар айдын жыйынтыгында дегеле киши келбегендей отчет берип, жарыбаган төлөм төлөшөт. Чындыгында кырдаал андай эмес. Ал эми оюн-зоок өкүлдөрү таптакыр эле көзөмөлдөн сыртта калышты. Ошондуктан, тийиштүү органдар бул багытта чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүшү керек. 2019-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 млн сом түшкөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы Молдошева Динара билдиргендей, 2019- жылы Мирбек Атабеков, Нурлан Насип менен Бек Борбиев эң көп сый акы алган. Азыркы атка минерлер ырчылардын “Ыр кесесин” аңдып калбадыбы? Булардан да салык өөнөп алгысы келет окшойт.

Жогорку Кеӊеште салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун арттыруу максатында иштелип чыккан “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы иштелип жатат. Салык кызматынын маалыматына караганда, ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун жакшыруу үчүн адегенде ал чөйрөдөгү ченемдик укуктук актылар Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости