www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санк-Петербургдан Сочиге учуп бара жаткан аял учактын ичинде ызы-чуу салды. Бул тууралуу “Мегаполис” басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-февралда болгон. Учак коноор алдында жүргүнчү кыйкырып, сөгүнүп, ызы-чуу сала баштаган.

“Сен эмне тартып атасың? Мен сенин телефонуңду таштандыга ыргыта тургандай кылып талкалап салам, түшүндүңбү”,-деп айткан аял, ишке кирише баштаган.

Кадрларда көрсөтүлгөндөй, аял жаман сөздөр менен кыйкырып жатат. Аба кемесинин кызматкерлери аялды токтонууну аракет кылышты, бирок алардын колунун да келген жок. Аэропортко учак конгондон кийин аялды полиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости