www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз чоролору” кыймылынын жетекчиси Замир Көчөрбаев  Кыргызстандын  жаңы административдик бөлүштүрүү картасы тууралу NazarNews маалымат агенттигине пикирин билдирди.

--Саламатсызбы, Замир мырза алгач жаңы түзгөн картаңыз тууралуу айта кетсеңиз?

--Бул карта 2015-жылы өкмөткө жиберилип, ал тараптан жактырылган. Бирок карта боюнча иштер ошол боюнча жүрбөй келет.

Азыркы мезгилдеги аймактык - административдик картасында Кыргыз Республикасында төрт тепкичтүү башкаруу орун алган, 7 облус, республикалык маанидеги Ош, Бишкек шаары, андан тышкары 31 шаар, 40 район, 453 айыл аймагы бар.

Биз үч тепкичтүү башкарууну сунуштаганбыз: айыл өкмөтү, аймак, республика.

Бирин-бири кайталаган жергиликтүү башкаруу системасын жана элдин саны, экономикалык-географиялык жайгашуусун эске алуу менен айыл аймактарын бириктирип, Бишкек, Ош шаарын кошкондо 15 аймак, 270 айыл өкмөттүн жана 13 шаарчаны сунуштайбыз.

--Бул картаны түзүүдөгү максатыңыз эмнеде?

Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 40 район 7 облус бар. Алардын баары республикалык бюджеттен каржыланып, райондор, айыл өкмөттөр дотацияда отурушат (ред.: мамлекеттин бюджетинен каржыланат). Бюджет тартыш болуп турган убакта бөлүп-жарып башкаруу керек беле деген ой да.

Чек арага жакын жерлерге өзгөчө статус бериш керек. Чек арадагы жерлерди, географиялык аймактарды, экономикалык абалды, элдин санын эске алганбыз. Мисалы,  Баткен облусун Кадам-Жай жана Баткен аймагына бөлүштүрдүк. Бул  карта менен келечекте дотациядан чыгып, республикалык бюджетке көз карандысыз болуу системасын ишке ашырууну көздөгөнбүз.

--Парламенттик шайлоого катышасызбы?

Шайлоого катышайын деген оюм жок. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагалыгын жаштарга өткөрүп берип, өзүм туризм тармагы боюнча иштөөнү көздөп жатам.

-Маегиңизге рахмат.

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш картасы

.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости