www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Кудрет Тайчабаров фейсбуктагы өздүк баракчасына шайлоо тууралуу пикирин билдирди. 

"Баарына каршы" деген пунктту алганы жатышыптыр. Бул деген элдин Конституцияда жазылган тандоо укугун жок кылууга барабар. Кыргызстанда люстрация кубулушунун бир гана мыйзамдуу жолу ошол добуш бергенде "Баарына каршы" деген пункт болчу. Аны алып салсаңар, эскилерден кутулуу үчүн элде бир гана революция кылуу, көчөгө чыгуу варианты калат. Эгер өзүңөргө ишенсеңер, анда ал пунктту албагыла.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эгер биз шайлоодо 50 пайыздан көп добушту баарына каршы берсек, мыйзам боюнча ошол шайлоого катышкан партиялардын тизмесиндеги бүт талапкерлер кийинки шайлоого чейин депутат боло алышпай калмак. Башкача айтканда, 2020-жылы шайлоого 10 партия катышса, 10 партия 120дан талапкер сунуш кылса, ошол шайлоодо талапкер атка конгон 1200 адамдын баары кайра повторный шайлоого катыша албай калат. Ошондо жалаң жаңы жүздөр келип, биз 1200 "баягылардан" кутулабыз. Бул деген парламентке жалаң жаңы жүздөр келишинин мыйзамдуу жолу болчу. Биз Польшага окшоп чоңдордун баарын бир самолётко салып жардырып ийбей эле ушул жол менен маданияттуу түрдө саясий элитаны алмаштырып салсак болот. Бул пунктту алдырбайлы! Өз укугубузду коргоп калалы. Жана шайлоодо баардык партияларга каршы добуш бергенге аракет кылалы.

Бул жолу баарына каршы жеңип чыгуу ыктымалдуулугу өтө жогору болгондуктан, парламентте отурган олигархтар акчасын на воздух чачып отуруп калбайлы деп ушул пунккту алууга чуркап атышат.

Бөлүшкүлө, өз позицияңарды билдиргиле. Карапайым калк революция, митинги жок эле шайлоодо эле "БААРЫНА КАРШЫ" добуш берип эскилердин баарын критке кетирсе болоорун билиши керек!"-дейт журналист Кудрет Тайчабаровю

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости