www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бекболот агай, мына эми пандемия басаңдап, өлкөнүн көйгөйлүү маселелери кайра көтөрүлө баштайт. Алардын бири саясый туткундардын маселеси. Сиз да саясый куугунтуктун азабын тарткандардын бирисиз. Сиздерге козголгон кылмыш ишин эске сала кетсеңиз, жаңы бийлик актадыбы? 

--Биз, «Элдик парламент» коомдук уюмунун 105 мүчөсү, мындан төрт жыл мурда агездеги президент Алмазбек Атамбаевдин элге каршы кастык иштерин тизмектеп, ачык айтып чыкканбыз. Чындыктан жүрөгү түшкөн бийлик бизди, уюмдун беш мүчөсүн 2016-жылы 12-майда камакка алган. Атамбаевдин, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жомогуна ишенсек, анда мен жана Төрөбай Колубаев экөөбүз Россиянын ФСБсынын генералдары менен чогуу мамлекеттик төңкөрүш кылмак экенбиз. Үчөө (Тойгонбек Калматов, Марат Султанов, Александр Гусев) экөөбүздүн «арам оюбузду» билишип, бирок бийликти эскертпептир. Ал эми калган жүз мүчө малга окшоп эч нерсе билишпептир. Бул абсурд эмей эмне?! Россиянын президенти Путин Кыргызстанда төңкөрүш жасоо үчүн мени менен Колубаевге күнү түшүп калыптырбы? Анда Путинге деле кылмыш ишин козгоп коюшпайбы?! Ал аз келгенсип, бешөөбүзгө башка да айыптарды илишкен. Ошентип, мени жана Колубаевди он төрт жылдан, Султановду он, Калматовду беш, Гусевди алты жылга соттошкон. Жаңы бийлик тушунда Жогорку сот Колубаев экөөбүздөн «төңкөрүш жасоо» айыбын жокко чыгарды. Калматов толук акталды. Биз, албетте, буга ыраазыбыз. Бирок Жогорку сот үчөөбүзгө (мага, Колубаев, Султановго) кошумча илинген айыпты («аймактар аралык кастыкты козутуу»), беш жылдык абак мөөнөтүн күчүндө калтырды. Үчөөбүз анын төрт жыл төрт айын абактарда (УКМКда жаткан 1,6 жыл үч жылга эсептелет, 27-колонияда 1,4 жыл), калган сегиз айын үй камагында өткөрдүк. «Соттолгон» деген каамыт дагы эле мойнубузда. 

--Демек, сиздердин балдар, неберелер «кылмышкерлердин» балдары, неберелери экен да?

--Ооба. Эске салсак, 2018-жылы 8-февралда коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков өлкөдө тазалануу жана жаңылануу саясатын сунуштаган. Андан бери президент ал багыттан баш тарткан жок. Бирок, экс-депутат Надира Нарматова белгилегендей, «Жээнбеков жалгыз, кара жанын карч уруп иштеп келе жатат». Ал эми «колуна кол, бутуна бут» болуп иштеп бере турган сот органдары саботаж кылып келишүүдө. 

--Сиздин пикирде, Жээнбековдун жаңы саясатына күч, сот органдары кандай жардам бериши керек эле? 

--Эгер ал органдардын жетекчилери мыйзамды жогору коюп сыйлашса, анда эң ириде Атамбаев президент убагында жүргүзгөн саясый репрессияны коомчулукка кеңири ачыкташы зарыл болчу. Мындай сунушту эки жыл мурда эле академик Абдыганы Эркебаев, профессор Жолборс Жоробеков, экс-премьер Феликс Кулов дароо айтышкан. Алар бул маселе боюнча кесипкөй юристтерден турган мамлекеттик комиссияны түзүү боюнча бийликке кайрылуу жолдошкон. Бирок жооп болбоду. Айтмакчы, жакында «Манас» кинотеатрында чекист полковник Болот Абдрахмановдун 1937-38-жылдардагы саясый репрессиянын курмандыктарына арналып жазылган он томдук китебинин бетачары болду. Атайын фильм көрсөтүлүп, кыргыздын мыкты уулдары ошол мезгилде кандай мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү көрсөтүлдү. Азыркы муунга ал репрессия тарыхтай көрүнөт. Жок, саясый репрессия тарых эле эмес, ал бүгүнкү күндүн да чындыгы, Атамбаевдин зомбу режиминин кыргыз элине жасаган опол тоодой кыянаты! Биз ишенебиз, эгемен Кыргызстанда XXI кылымдагы саясый репрессиянын авторлору, аткаруучулары эртели-кеч мыйзам алдында да, Жараткандын алдында да катуу жооп беришет. Четинен жооп да берип жатышат... Атамбаев менен Фарид Ниязов камакта. Таба эмес тобо! Сырттагы бирөөсү оор инсультка тушугуптур, бирөөсү машинеси менен аласалып, тиги дүйнөдөн кайра кайтыптыр. Ал эми саясый туткундарга карөзгөйлүк жасап, аларды азапка, үй-бүлөлөрүн тозокко салышкан Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Айнаш Токбаева, Мирлан Термечиков, Адис Момуналиев, Элмира Жумашева, Замир Калиев, Талант Аккозуев, Аида Манжиева, Чойбек Сыдыков, Тамара Тилекеева, Тынчтык Субанкулов сыяктуу коопсуздук, сот, прокуратура органдарынын кызматкерлери «биз жазадан сыртта калдык» деп учурда кудуңдашкан менен акыйкат учур келгенде сөзсүз оор жазаларын алышат. Эми болсо, Атамбаевдин саясый репрессиясын жаап-жашырышып, ал эми Сооронбай Жээнбековдун тазалануу саясатына бут тосуп келе жатышкан башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев,Жогорку сот Гүлбара Калиева «экинчи Болот Абдрахмановдун» терең изилдөөсүнүн каармандарына айланышып, кийин катуу жооп берип калышары толук ыктымал.

--Эмне себептен күч, сот органдары саясый репрессияны ачыктагысы жана саясый туткундарды актагылары келишпейт?

--Менимче, биринчи себеби – ал органдарда дагы эле Атамбаевдин кадрларынын таасири күчтүү. Экинчи себеби – саясый туткундарды күздөгү парламенттик шайлоого катыштырбоо. Ошондуктан, мен күч, сот органдарынын жетекчилерине кайрылам. 

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович, Орозбек Найманович, Гүлбара Үтүровна! Эгерде мен кандайдыр бир себеп менен азыркы бийликке коркунуч жарата турган болсом, анда макул, мени азыр актабай эле коюңуздар. Бирок, эсиңерде болсун, мен баары бир акталам! Бирок башка саясый туткундарды чукул арада, үч ай мөөнөттө иштерин акыйкат карап чыгып, толук актап бериңиздер! Кыргыздын мекенчил инсандары элдин, үй-бүлөсүнүн, туугандарынын алдында жүздөрү жарык болуп, ал эми каалагандары күздөгү шайлоого катышышсын. Саясый туткундарды атай кетейин, алар: Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Мотуев, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Дүйшөнкул Чотонов ж.б. Сиздерге, урматтуу үч үлкөн жетекчилер, расмий эскертем: эгерде үч айда аталган саясый туткундар боюнча мыйзамдуу чечим чыгарбасаңар, анда тарых алдында, келечек муун алдында жоопкерсиздер. Кийин, убагы келгенде, «Акүйдөн кысым болгон» деген сыяктуу актануу, шылтоолор суу кечпейт. Атамбаев режиминин саясый репрессиясынын авторлору, аткаруучулары менен ортоктош, санаалаштары катары жеке керт башыңар менен жооп бересиздер! Азырынча сиздерге үмүт артып туралы… 

--Аталган үч жетекчиге сиздин жеке дооматыңыз да бар экен...

--Ооба. Үчөөнүн тажрыйбалуу, кесипкөй адистер экенинен шек санабайм. Бирок, алардын мыйзамды сыйлашы көп суроо жаратат. 

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович! Сиз өткөн жылы парламентте сөз сүйлөп, «биз эч качан бир адамдын көрсөтмөсү менен кылмыш иш козгобойбуз» деп айттыңыз. Чындап эле ушул сөзгө өзүңүз ишенесизби? Анда 2016-жылы 12-майда «Элдик парламент» уюмунун мүчөлөрүнө «төңкөрүш жасашмак» деп козголгон кылмыш ишин окуп көрүңүз. Ал жерде болгону бир шылуундун «Талгарбеков мага бийликти күч менен басып алууну айткан» деген бир ооз (!) жалган көрсөтмөсү менен бешөөбүз камакка алынып, анан жалпы кырк тогуз жылга соттолгонубузду көрөсүз. Буга кандай жооп бересиз? Дагы, Жогорку сот өткөн жылы үчөөбүзгө (мага, Колубаев, Султановго) беш жылдан абак мөөнөтүн мойнубузга калтырды. Аны менен да таанышыңыз. Биз болгону «Атамбаев нарындыктарды «мал менен жүрүп мал болуп калгансыңар», таластыктарды «талас эли – эл эмес» деп мазактаган» деген сын айтканбыз. Атамбаевдин ушул сөздөрүн кайталап койгонубуз үчүн үчөөбүз «аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча беш жылдан соттолуп, абакта жатып чыкканыбызды айтсак, акыл-эси ордундагы адам ишенеби? Анүстүнө бул берене боюнча бизге кылмыш иши козголбогонун, бирок соттошконун, мындай зөөкүрлүктү 1937-38-жылдардагы НКВДчылар да жасашпаганы боюнча кандай жооп бересиз? Сизден мыйзам чегинде, документ түрүндө жооп күтөм. 

Урматтуу Орозбек Найманович! Абдил Сегизбаевдин төрт-беш жыл мурдагы «беспредели» боюнча үн ката элексиз. Сиз канчалык жашырсаңыз деле ал эртели-кеч кылмыштуу иштери үчүн жазасын алат. Биз, «Элдик парламент» уюмунун мүчөлөрүнүн бири да 2016-жылы мамлекеттик кызматта иштеген эмеспиз. Биздин аракетибизде эч кандай мамлекеттик сыр болгон эмес! Бирок, Сегизбаев бизге козголгон кылмыш ишиндеги жомокторун элден жашыруу үчүн ага «жашыруун» деген мыйзамсыз гриф койдуруп, сот процесстерин жабык өткөздүргөн. Орозбек Найманович, сиздин сабаттуу юристтериңиз бардыр. Алар сизге Сегизбаевдин мыйзамга какырып-түкүргөнүн тастыктап беришет. Демек, сизге суроо: ошол кылмыш иштен «жашыруун» деген грифти алып, аны калың журтка жарыялап, Сегизбаевдин, Жолдубаеванын, алардын жасоолдорунун былыктарын ашкерелөөгө эркиңиз жетеби? Сизден расмий жооп күтөм. 

Урматтуу Гүлбара Үтүровна! Атамбаевдин сот реформасын «жемиштүү» жүргүзүп, элдин «70 пайыз ишенимине ээ болгон» куу жетекчи, мурдагы төрайым Айнаш Токбаевадан айырмаланып, сиз адилет иштегенге аз-маз аракетиңиз бар. Саясый туткундардын жарым-жартылай акталышына да салым коштуңуз. Бирок, саясый репрессия болгонуна, саясый туткундардын толук акталыш керектигине көздү бекем жумуп келе жатасыз. Депутат Рыскелди Момбеков таамай белгилегендей, учурда элдин токсон пайызы сотторго ишенбейт. Сиз ишке киргенден бери соттук реформанын «р» тамгасы да көрүнө элек. Себебин сураса, «өзүм уялып жатам» деген жоопту узатасыз. Президент сизге эки ирет чоң жыйындарда эскертүү жасады. Качан ишке өтөсүз? Сизге жеке дооматым да бар. Атамбаевдин соттору мени эки берене менен соттошкон, экөөндө тең «мүлкүн конфискациялоо» деген жобо жок. Бирок Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков менин сейфимдеги бир миң жети жүз долларды конфискация кылды. Акча бир тууган эжемдики болчу. Башка квартирага көчүп жатып мага сактатып койгон. Аны төрт жылдан бери кайтара элекмин. Сиз элден уялсаңыз, мен эжемден уялып жүрөм. Ал акчаны качан кайтартып бересиз? Же «сотко кайрылыш керек» дейсизби? Соңку беш-алты жылда бул сөз Кыргызстанда адамдарды кемсинтүүнүн, маскаралоонун ыплас куралы болуп калганын билесизби? Качанкыга чейин сотторуңуздун карөзгөйлүгүнө чыдап, Сооронбай Жээнбековдун саясатына саботаж жасап жүрө бересиз?! Жооп күтөм.

--Абактан чыкканыңызга бир жылдан ашыптыр. Жашооңуз кандай өтүп жатат? 

--Коомчулукка миң мертебе рахмат. Биз абакта жатканда бийликтин кара пиарына ишенбей, катуу колдошту. Эске салсак, Фариддин зор пропаганда машинасы мага «Бишкектин айланасында ондогон гектар жери бар», «япон өкмөтүнүн кредитин жеп алган», «Австралиядан кымбат баадагы кочкорлордун алынышына тийешеси бар», «аялынын беш квартирасы бар» деген тирукмуш жалааларды Карыпбековдун «кара жашигинен», бакма гезит, сайттарынан 2-3 ай тынымсыз айтып турушту. Өзүбүз ууру болсок, анда өлкөнү тоноп жатышкан бийликтеги ири ууруларга каршы ачык чыкмак белек?! Соцтармакта 4-5 жыл мурда менин аты-жөнүм чыгары менен Фариддин 200-300 троллдору каралап киришчү. Азыр 20-30 эле калыптыр, алар да уу чачып асылып калышат. Жакында, март айында 65 жашка толдум. Коомчулуктан көптөгөн куттуктоо, жылуу сөздөрдү уктум. Айыл чарба реформасын учурунда жүргүзгөнүбүзгө көпчүлүк жакшы бааларын беришти. Терең ыраазымын! 

Булак: АЗИЯnews

Последние новости