www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ишенген кожом сууга акса, алды-артынан тал карма" -деген кеп бар. Биздин мамлекеттин бюджетине киреше кийирүү жаатында "Кумтөр" кени «ишенген кожобуздун бири. Кыргызстанда Суу кодексинин 48- беренеси боюнча сууну пайдаланганы боюнча ар бир ишкана тиешелүү төлөмдөрдү төлөп турууга тийиш. Биздин атамекендик ишканалар мыйзам боюнча ар бир кубометр сууга зарыл болгон төлөмдөрүн төгүп келатышат. Канчалык акча таап, канчалык "ишенген кожобуз" болсо да Кумтөрдө канадалыктар мындай мыйзамды тоготуп коюшпайт экен, алар колдонулган суу үчүн бир тыйын да төлөп койбосу тууралуу депутат Эрмамат Тагаев парламенттин отурумунда кеп козгоп чыкты. Бул тууралуу тиешелүү комитеттер чара көрүшөөр.

2019-жылы кыргыз өкмөтү менен "Центерра" экологиялык стратегиялык жаңы келишимди бекитишкен. Кыргыз өкмөтү жаңы келишим боюнча экологиялык жана социалдык төлөмдүн суммасын мурдакы 87 млн доллардан 150 млн долларга чейин көбөйтүүгө жетишкенин билдирген. Ошол эле убакта бул келишимде кыргыз тарап мурдакы миллиарддаган суммадагы экологиялык доолордон баш тартканы үчүн өкмөттү сынга алып жатышат. Жогорку Кеңеш парламенттик комиссия жиберип, "Кумтөр" долбоорун текшерип, "Центерра" менен негизги макулдашууну коррупциялашкан долбоор деп тааныган.

Маалыматтар боюнча, "Кумтөр" кениндеги өндүрүштүн көлөмү, башында каралгандай, 550-600 миң унций же 17,1-18,7 тонна алтынды түзөт. Бул тууралуу Centerra Gold Inc. («Центерра») ишканасынын жана "Кумтөр" ишканасынын 2020-жылдын I кварталындагы өндүрүштүк жыйынтыгы жөнүндөгү отчетунда айтылат. Бирок, өткөн жылдагыдай эле жалпы көлөмдүн 50% 2020-жылдын экинчи кварталында, качан борбордук карьердеги SB аймагынын алтын көп тилкесине кайрадан жетишкенден тарта өндүрүлөт.

2020-жылы жалпы капиталдык чыгымдар, ачуу иштерин эске албаганда 99 млн доллардын тегерегинде пландалган. Алардын 47 млн доллары негизги фонддорду: тоо техникасы паркын кайра жаңылоого, кошумча тоо жабдууларын жана алтын бөлүп алуучу фабриканын тегирменине тиштүү шакек дөңгөлөктөрдү алууга, таштанды сактоочу жайдын аянтын чоңойтууга жана башкаларга багытталат. Инвестициялар жана өнүктүрүүлөр 52 млн доллар өлчөмдө пландалган жана өзүнө, KS-13 планына ылайык карьердин контурларын кеңейтүүгө байланыштуу кендин объекттеринин инфраструктурасын, сууну сордуруу боюнча иш-чараларды жана жаңы тоо техникасын сатып алууну камтыйт. 2020-жылы кендерди ачуу иштеринин капитализациясы 195 млн доллар өлчөмүндө болоору белгилүү болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости