www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Анжиян облустук акимчилиги карантин маалында «Дени сак жашоого карай 5000 кадам» аттуу массалык акциянын өтүшү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Мекеменин басма сөз кызматы 25-майда Избаскан районунда өткөн акция Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистеринин көзөмөлүндө, карантиндик эрежелерге ылайык өткөнүн билдирди.

Билдирүүдө 24-майда аталган райондун бир тургуну коронавирус жуктуруп алганын ырастап, ал аймак ошол эле күнү дароо карантинге алынганы белгиленген.

«Коронавирус чыккан маале райондун борборунан төрт чакырым, акция өткөн жерден 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Уюштурулган иш-чарага ал райондон эч ким катышкан жок», — деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Избаскан районунда коронавирус жуктурган киши менен байланышта болгон 51 жаран карантинге алынганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости