www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Россиялык саясат таануучу Александр Кынев Кыргызстандагы партиялык системанын жок экенин баса белгилептир. Сиздин көз карашыңыз кандай?

--Башка партияларга карата туура эле. Бир гана коммунисттер партиясына тииешеси жок. Себеби, биз бийликте эмеспиз, четте турабыз. 2-3 миңдей активдүү мүчөлөрүбүз бар, алардын баары идеология менен байланышкан. Ал эми калган партиялардыкы жеке адамдын атына байланыштуу. Андыктан, вождизм деген негизи туура эле. 260тан ашуун партия бар. Мындайча айтканда, ар бир аты чыккан саясатчынын партиясы болуп атат. Ал эми идеологияга негизделген, программасы бар партиялар сааналуу эле. Партиялык курулуш эми башталды десек жаңылбайбыз.

--Дале система курулбаса, анда эгемендик алган жылдар бөөдө кеттаби?

--Биз кыйшык жолго түшүп алдык да. Кичине эле саясатка аралашсаң «эл менен жакшымын» деп ишенип алат экенсиң.

Кызматтан кеткенде, же депутаттыктан кеткенде эле партия түзө коюшат. Партиянын негизги уюткусу, колдоочулары достору, же туугандары болот. Андыктан, Кынев туура айтат. Мисалы, Атамбаев кетти эле КСДП эмне болду? Эгер Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков кандайдыр бир себеп менен «Ата Журттан» чыгышса, алар да чачырап кетишет. Бийликте болгон «Алга Кыргызстан», «Акжол», КСДП партияларынын тагдырын карагыла. Лидери жок - партия да жок. Бул эми мактаныш эмес, жалгыз гана коммунисттер партиясынын программасы, баалуулуктары бар. Бирок, биздин партияга деле Абсамат Масалиевдин аты чоң колдоо болчу эле. Азыр деле ошондой.

--Сиз азыр депутаттыктан кетпедиңизби, эмне менен алек болуп атасыз?

--Азырынча дыйканчылык эле, башка ишим жок. Өзгөчө кырдаал бүткөндө коммунисттер менен жолугушуп шайлоо боюнча пикир алышабыз, акылдашып көрөбүз.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости