www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиздердин гезитте (04.07.2018-ж.)жарык көргөн Жусуп Молдобаевдин “Үзөңгү же бийлик кумары жөнүндө” деген макаласын окуп, пикир кошууну чечтим. Элдик мугалимдин философиялык ой жүгүртүүсү, эл турмушун талдоосу, экс-ажолорго баасы көңүлдү бурду. Өзгөчө аны Алмазбек Атамбаевдин ишмердигин сүрөттөөсү таамай берилиптир.

Үзүндү:

“Атамбаев- шайтанды да алдоого аракеттенген, бийликти баш айлантма куулук-шумдук, афёралар менен болсо да байлык топтоого умтулган, адилетсиз, чуулгандуу президент болду”. Мен да Атамбаевди жакшы билем, кошчу сөздөрүм бар. Ага-ини катары түз мамиледе болчубуз. Тың жигиттердин бири болчу, агезде аны тубаса аферист экенин эч ким деле билчү эмес. Бирок, кийин ал Чынгыз Айтматовду алдап, жазуучуларга бөлүнгөн мамлекеттин 50 миллион рублин жеке өзү кымырып, ал акчага бир нече завод сатып алганына көзүм жеткенде байланышты үзгөм. Атамбаев кийин март окуясында (2005-ж.) капыстан “революционер” болуп чыга келди. Өнөр жай министрлигин башкарып, 7-8 айдан соң, иштей албай отставкага кеткен. 

Кийин, 2007-жылы, оппозицияны сатып, “сиз алтын адам экенсиз” деп, президент Курманбек Бакиевге премьер-министр болду. Андагы афераларын эске салалы. Биринчиси - “Кумтөр” боюнча. Атамбаев канадалык компанияны колдогон мыйзам долбоорун өзү катуу лобби жасап, көтөрүп келгенде андагы 75 депутаттан турган күчтүү Жогорку Кеңеш өткөрбөй шерменде кылган.

Экинчиси

- жашыруун “Кумтөрдөн” кийинки ири “Иштамберди” алтын кенин кытай ишкерлерине соодалап жиберген. Бул афераны изилдеген СССР КГБсынын запастагы полковниги Имарали Кушматов Атамбаевдин ири суммада пара алганын далилдеген. Бул афера азыркыга чейин жашырылып келе жатат. Айтмакчы, мен өткөн жылы абакта жатып бир окуяга таңкалдым. Теледен Бишкекте милиция кызматкерлери бомждорго Кушматовдун сүрөтүн көрсөтүп издеп жүрүшөт. Ага эмне болгон?

Үчүнчүсү

- “ Жерүй” алтын кенин иштетүүгө лицензия алган компанияны жактап Таласка барат. Андай аферага каршы жаштар Атамбаевдин машинасын таш бараңга алышат. Ал тоо таяна качып кутулат. Ошондон бери таластыктарга өч. Бийликке жетсе эле кыргыз жигиттерин каматып, соттоткондон ырахат алган Атамбаев Бишкекке келип таластыктарга кылмыш из козготот. Ошондо төрт таластык жигиттер саясий башпаанек сурап Швецияга качып кетишкен.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости