www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаевди бычактаган жубайы камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы жергиликтүү ММКлардын бирине билдирген.
Нурлан Сарчаевдин жубайына кылмыш иши козголуп, кылмыш жаза кодексинин 234 беренесине ылайык камакка алынган.
Эске сала кетсек, кечээ 17-июлда Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып оорукана жаткырылган, учурда бейтапканада.
Бизге жеткен так маалыматтарга таянсак, Нурлан Сарчаев жубайы Бурулсун менен буга чейин эле өз ара чырдашып жүргөн. Чырга негизги себеп, Нурлан Сарчаевдин кол алдында кызмат кылып жүргөн "А" аттуу келин менен жакын мамиледе болгон. Сарчаевдин жубайы Бурулсун кызмат ордуна барып ызы-чуу чыгарган күндөрү дагы болгон. Анткени, Сарчаевдин 4-аялдыкка алам деген "сүйүктүүсү" Сарчаевдин учурда камакка алынган жубайына тынымсыз СМСтерди жазып, "жарым жылаңач сандарын" сүрөткө тартып жөнөтүп кыжырына тийген. Ортодогу болгон чырга 3 000 долларлык унаа жана үй дагы себеп болгон. Нурлан Сарчаевдин жубайы, "мен Нурланды эч кимге бергим келбейт, үч баланы кантип багамын. Өзүнүн канынан жаралган балдардан баш тартты. Үч бала менен кайда барамын, жок дегенде батир акысын төлөп, балдарына жардам бергендин ордуна, кол астында иштеген кызга унаа алып бериптир", - деп жакындарынын бирине эки күн мурун көз жашын төккөн.
Нурлан Сарчаев жалпысынан 6 балалуу. Учурда бычактап салган аялынан 3 баласы бар. Тилекке каршы учурдагы балдарынан бир нече күн мурун мыйзамдуу түрдө баш тарткан. Такталбаган маалыматтарга таянсак Нурлан Сарчаевдин ушул жылдын 23-июлунда 4-аялына үйлөнүү тою белгиленген.
Эске сала кетсек, Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев, кандуу каргаша менен милициянын имаратында каза тапкан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин кызматтан алынган эле.
Булак: NazarNews.kg