www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-министр Бекболот Талгарбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу “Майдан.кж” гезитинде макаласы чыкты. Макалада Жусуп Молдобаевдин “Үзөңгү же бийлик кумары жөнүндө” деген макаласын окуп, пикир кошууну чечтим. Элдик мугалимдин философиялык ой жүгүртүүсү, эл турмушун талдоосу, экс-ажолорго баасы көңүлдү бурду. Өзгөчө аны Алмазбек Атамбаевдин ишмердигин сүрөттөөсү таамай берилиптир.

Өткөнгө кайрылуу жасаган макалада көп былыктар ачыкталган.

Премьер-министр Атамбаевдин аферадан колу бошобой, күндө арак ичкенинен тажаган президент Бакиев ага орден тагып, кууп салган. Атамбаев кайра оппозицияга кошулат. Ошогезде Максимдин жоруктарын көрүп, мен да Бакиев бийлигине каршы чыгып, Өмүрбек Текебаев жана Темир Сариевдер менен бирге элем. Бакиев 2009-жылы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрмөй болду. Оппозиция лидерлери кайра-кайра кеңешип жатып, акыры Атамбаевди бирдиктүү талапкер катары колдой турган болушту. Мен Сариевге: “ал аферистти колдосоңуз элге чыккынчылык жасайсыз”,- деп айттым. Ал менин кеңешимди угуп, Атамбаевди колдобой, өзү талапкер болуп күрөшкөн. Текебаевден “эмнеге акылсыз чечимге бардыңар?”- деп сурасам, “бизде акча жок, жалгыз Алмазда бар, аргасыз иш болду” деп кейип кепчиген. Оппозиция Атамбаевди “бирдиктүү талапкер” деп жарыялаган соң менин “ Гора родила мышь” деген маегим гезитке чыккан. Анда оппозиция катуу жаңылганын, Атамбаев уят кылаарын айткам.

Ошондой эле болду. Кантип уят кылганын мага Азимбек Бекназаров айтып берген. Базар- Коргон районунда Атамбаевдин шайлоочулар менен жолугушуусу болмок экен. Эртең менен телефон чалса жооп бербегенден улам Азике Атамбаев түнөгөн үйгө барат. Ал түнү бою өлөрчө ичиптир, төшөктө заарасына, заңына чыланып уктап жатыптыр. Аргасы кеткен Азике Икрамжан Илмияновго досун жуудуруп, тазалатат. Жолугушууга келген Атамбаевдин кебетесин, кызарган көздөрүн көрүп таң калган шайлоочуларга Азике: “Алмаз досумду Бакиевдер уулантыптыр” деп абалды жайгарат. Ал жактан Таласка келишет, Атамбаевди жек көрүшкөн таластыктар жолугушууга келбей коюшат. Ал жинденип: “таластыктар катынсыңар, жоолук салынып алгыла” деп сөгүнөт. Эл колдобосуна көзү жеткен Атамбаев президентти шайлоо күнү түш ченде прессконференция өткөрүп, өзүнүн талапкерлигин алып салып, ага ишенген оппозицияны маскара кылган, деп жазылган Майдан.кж гезитинде.

(уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости