www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылуу акылга сыйбаган иш экенин билдирди.

"Оппозициянын мындай талабы шашылыш болуп калды.

Биринчиден, согуштун келип чыгуу себептерин, бийликтин иш-аракеттерин толук, терең талдоо керек. Ошондон кийин гана кимди кетирүү маселесин көтөрүшү зарыл.

Экинчиден, мүмкүн бийликтен кемчилик аныгында кетти. Эмнеге анда оппозиция биринчи кезекте Министрлер кабинетинин башчысынан маалымат сурабады? Баткендин элине биз миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Отставка талап кылса, дал ошол сүйүктүү Баткендин элинде гана укугу бар. Көп кемчиликтер кетти, мен аны ачык айтам. Ошол кезде мисалы өкмөт башчынын кайда экенин билбейт экенмин.

 Үчүнчүдөн, Баткенде дайыма кара башын сайып маселе чечип жүргөн Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылуу акылга сыйбайт. Мекен, эл үчүн башын тобокелчиликке сайды. Башка бир адамды көргөн жокмун, мынчалык элге күйгөнүн! Ошондуктан, мен бул билдирүүнү колдобойм!», - деди Бекболот Талгарбеков.

Буга чейин Бириккен демократиялык кыймылдын мүчөлөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен кайрылышкан. Иш Тажикстан Кыргызстанга басып кирген Баткен районундагы төрт чек ара заставасын жоюу боюнча протоколго байланыштуу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости