www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Бекболот мырза, апта башында экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде саясый куугунтук, айрыкча сиз жөнүндөгү кебине карата кандай ойдо калдыңыз?
– Экс-президент Атамбаевдин өзүнүн берген маегинде саясый куугунттук боюнча суроого анын жообу төмөнкүчө болду:
«Бекболот Талгарбеков «мамлекеттик төң-көрүш жасайбыз» деп жазып жана маек берип, ачык убада кылган. Аркабызда ФСБнын беш генералы турат деп айткан». Алмазбек Атамбаев бул билдирүүсү менен ал жеке өзү бизди, «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин башында туруп, күч түзүмдөрүнө жана сот органдарына түздөн-түз буйрук бергенин расмий мойнуна алды. Бул чындыкка таптакыр дал келбеген билдирүү боюнча мен сотко кайрылып, Атамбаевден бизди мыйзамсыз каматып, соттоткону үчүн компенсация катары 120 миллион сом төлөп берүү талабын коём. Бул сумма кандай себептен чыкты? Анткени, Атамбаевдин буйругун аткарган прокурорлор бешөөбүздү жалпысынан 120 жылга эркибизден ажыратууну талап кылышкан. Ал эми соттор бешөөбүздү жалпы 60 жылдык мөөнөткө соттошкон. Мүмкүн Атамбаев «кол тийбестик макамым бар» деп соттон качаар. Бирок, мен анын президент кезиндеги жалган айыптоосун сотко берген жокмун. Ал учурда президент эмес. Демек, катардагы атуул катары маегинде айткан «мен чынчыл адаммын» деген сөзүнө туруп, азыр сотго жооп берүүгө милдеттүү. Мен сотто Атамбаевди жеңип чыгарымдан эч шек санабайм. Ал эми андан өндүрүлгөн каражатты кыргыз өкмөтүнүн тышкы карыздарды жоюу фондуна которуп берем.
Калыгул Бейшекеев
Булак: "Азия ньюс"