www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Северэлектро” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы  биринчи ноябрга 493 млн. сомду түздү. Он айдын ичинде керектөөчүлөрдүн электр энергияга болгон дебитордук карызы 293,2 млн. сомго же 37,3 % төмөндөдү. Бул тууралуу маалыматты NazarNews.kgге «Северэлектро» ААК басма сөз кызматы билдирди.

Карыздын 270,4 млн.сомго же 46 % төмөндөшү “калк” категориясында катталган.

Бюджеттик уюмдар карыздарын - 11,4 млн.сомго же 17%;

Айыл-чарба керектөөчүлөрү - 748,9 миң сомго же 16,4 %;

башка керектөөчүлөр – 10,7 млн.сомго же 12,9 % төмөндөтүшкөн.

“Өндүрүштүк объектилер” категориясында дебитордук карыздын кичине өсүшү 76,6 миң сомго же 0,2 %  жогорулады.

Дебитордук карыздын төмөндөшү “Северэлектро” ААК тейлеген бардык аймактарда бишкектиктер керектелген электрэнергияга болгон карыздарын 141,3млн. сомго(49% га)азайса, Чүй облусунун керетөөчүлөрү энергетиктерге болгон карыздарын 124,1 млн. сомго (32,1%га), Талас облусунун туругндары дебитордук карызын 27,8 млн. сомго (25 %га) төмөндөткөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости