www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы мезгилдерде үйдө таңкаларлык көрүнүштөр пайда боло баштады. Мурун окуганга жети-сегиздей гезит алып келип койсом эртеси күнү эле баары жоголуп кетчү. Өрттөп, же акыр-чикирге ыргытып, же болбосо ажатканага алып кетип жатат го деп анча маани бербечүмүн. Адатта гезитти окуп чыккандан кийин деле жок болуп калат эмеспи. Гезиттерден тышкары эми дептерлер да жоголо баштады. "Кагаздарга тийбегиле" деп үйдөгүлөргө бир канча жолу эскерткем, баары бир жоголо берди.

Эми акыры күндөрү үйдө турган китептер да өзүнөн өзү жоголуп кирди. Аялымдан, уулумдан, кызымдан китептерди көрдүңөрбү? деп сурайм, баары эле билбейбиз дегендей бири-бирин шектүү карап баштарын чайкашат. Уулумдун сумкасын карасам мектептеги китептеринин бири жок, "китептериң кана?" десем, "уурдатып жибердим" деп башын төмөн салат. Ачуум келип мектебине барып класс жетекчиси менен сүйлөшүп, жоголгон китептерди тууралуу айттым. Класс жетекчиси класстагы балдардын китептеринин баарын текшерип чыкты, бардыгы эле өздөрүнүкү экен. Ага кайрадан жаңы китеп сатып берүүгө туура келди. Эки айга жетпей анын китептери кайрадан жоголду. Ал го эч нерсе эмес го, кызымдын да дептерлери четинен жоголо баштады. "Кара жаныңарга тың болбойсуңарбы" деп экөөнү тең аябай урушам, "өзүңөр күнөөлүүсүңөр" деп экөөнө тең ачуум келип китеп сатып бербей койдум.

Жумушумдагы "черновекке" отчеттор жазылган кагазым бар эле керек болуп калып таптакыр издеп таппай койдум. "Бизде буюмдар ордуна турбай калды го" деп аялыма атырылып бир тийдим. Болуптур ал го ал дейли, эми текчеде турган адабий китептер да четинен жоголуп азайып кирсе болобу. "Даана балакет басты, эмне үйдө кагаз жеген чычкандар барбы, же уулум бул китептерден бирөөнө сатып жатабы?" деп өзүмчө бушайман боло баштадым. Бул баалуу адабий китептерди канча жылдан бери чогултуп келаттым эле. Уулумдан сурасам башын төмөн салып "билбейм" дейт, кызым дагы уулумду кайра-кайра карап бир нерсе айтайын деп келатып эле кайра "көргөн жокмун" деп башын чайкайт.

Акыры жарылып кеттим, бардыгын ызы-чуу түшүрдүм. Ошондо гана кызым айтып жатпайбы, уулумдун кагаз жээрин. Анын кагаз жей баштаганына дээрлик бир жылга жакындап калыптыр. Ишенген 'жокмун, уулумдун өзүнөн да сурадым, ал башын төмөн саалып унчукпайт. Үй-бүлөбүз бүт чогулуп бул ишти талкууга алдык. Акыркы мезгилде ал тамакты аз жеп кеткен. Көрсө, тамактын ордуна кадимкидей эле кагаздарды жеп жүрүптүр,

Догдурга алып бардык эле эч кандай натыйжа чыгара албай койдук. Ал текчедеги китептердин баарын жеп, тазалап баштады. Айла кеткенде жайына койдум, урушуп атып да, коркутуп атып да тажадым. Керектүү кагаздар болсо жумушума калтырып салам. Атайын уулум үчүн кагаз алып келем. Кошуналардан, тааныштардан чогултам, мынча кагазды эмне кыласың, жейсиңби? деп тамашалашат. Мен "ооба" деп жооп берем.

Чынында эле жеп атканыбызды алар кайдан билишсин. Мына акыркы мезгилдерде үйдө кагаз аттуу калбай калды, өзүм да эмне кылаарымды билбей калдым. Ага күндө эле кагаз сатып келгенче акча да түтпөйт экен. Кайрылбаган табып, доктурлар калбай калды. Ушундай кагаз жеген башка адамдар барбы же жалгыз эле менин уулумбу. Бул оорубу же тубасабы өзүм да түшүнбөйм. Бир убакта токтолобу же ушинтип эле өмүр бою кагаз жеп жүрө береби, Анын келечекте ден соолугу кандай болот. Менин жүрөгүмдү өйүгөн эле ушул болуп атат.

Бекбосун Акматов

Булак: Шамбала

Последние новости