www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ системасында Бакир Таиров деген чиновник бар. Дарбыздын данегинен бетер ылайыктуу жерлерге карай сыйгаланганга маш неме.

“Күн тийген жердин күкүгү” атыккан Бакыт Таиров АШАнын доорунда анын эң жакын адамы Икрам Илмияновдун көңүлүн таап, анын колдоосу менен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржылоого каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы болууга жетишет.

Кийин 2016-жылы ИИМге Кашкар Жунушалиев Министр болуп келип, ИИМдин коллегиясын өткөрүп, Таировдун дарегине ачуу сын айтып, аны кызматтан айдаганы жана кайра өз сөзүн артка алганы менен эсте калган.

Анда сөз башынан болсун:

Жыйында генерал Кашкар Жунушалиев олуттуу сөз сүйлөп, министрликтин бөлүмдөрүндөгү ийгиликтер менен катар кемчиликтерди баса белгилеп, акырында бир нече начальниктерди кызматтан алуу сунушун каардуу түрдө айткан. Айрыкча ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржылоого каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Бакир Таировду кекете:

--“Сенин ишиңден эч бир натыйжа жок, уюшкан кылмыштуулукту каржылап жаткан бир дагы фактыны ача алган эмессиңер! Эмне иш кылып, айлык алып жүрөсүңөр? Мен министр катары Бакир Таировду кызматтан алууну коллегияга сунуш кылам!”, - дейт.

Коллегия министрди колдоп ал сунуш кылган бир нече начальниктерди кызматтан алууга чечим чыгарат. Ошентип ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржылоого каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Бакир Таировду кызматтан алынмак. Ушуну менен коллегия чечим чыгарып, ишин жыйынтыктайт.

Бакир Таиров дароо өзүнүн “крышасына” телефон чалып иштин чоо-жайын түшүндүрөт. Атамбаевдин мурдагы шоопуру, серый кардинал атыккан Икрамжан Илмиянов министр Кашкар Жунушалиевдин телефонун бурап:

--“Бакир Таировду кызматында калтырасыңар, Чүй облустук милициянын начальниги Капар Батыркановду кызматтан кетирип, анын ордуна Канат Жумагазиевди дайындайсыз!” деп талап кылат. Мындайды күтпөгөн генерал “Коллегиянын чечимин мен кантип жокко чыгарам? Эл эмне дейт? Анын үстүнө бул менин министр катары биринчи коллегиям болсо…” дейт. Ал эми трубканын аркы башындагы Илмиянов эч кебелбей “ал менин проблемам эмес, айткандарды аткарыш керек!”, - деп кесе айтат.

Эртеси министр өзүнүн буйругун жокко чыгарып, Бакир Таиров кызматында калат.

Дал ушул окуядан соң жылдызга айланган Таиров бир топ убакыттан бери дымы чыкпай кеткен. Учурда бул эргул кайрадан сахна төрүндө, ал Финансы полициянын Төрагасы болот элем деп эдиреңдеп калганын эшиттик. Көрөгөч Маамыттын айтымында Бакыт Таировдун Финполду жетектөөсүнө чү дегенде эле Икрам Илмиянов кызыктар экен.  Албетте, Бакир Таировду бул орунга алып келүү менен булар өздөрүнүн финансылык кылмыштарын жаап жашырууну жана артындагы калбырларын  тазалатууну көздөп жаткандары белгилүү эмеспи. Эгерде дал ушул сценарий ишке ашып, Финполго “этеги жаман жерден айрылган” Таиров келе турган болсо бийликтин аброюна шек келет жана Жээнбековдон көптү үмүттөнгөн элдин үмүтү өчө баштайт. Президент болгонуна бир жыл болбой жатып, коррупционерлердин азгырыгына азгырыла баштаган тура деген таризде. Андыктан Жээнбеков ар-бир жетекчи орунга дайындалчу кадрды тазалыгына жана тажрыйбасына карап дайындоосу шарт. Келечекте өлкөнү өнүктүрүүдө жыйынтык чыгара алган команда топтогону өзүнө эле жакшы, а эгер тескери кете турган болсо, анда аягы жакшы менен бүтпөөрү анык...

Баса, убагында таскагы каттуу, "буйрук" берип сүйлөгөн, Икрамжан Илмияновду эми ИИМ министри кандай жаза колдонот экен. Күтө туралы.

Жертыңшаар Мамытов, NazarNews.kg

Последние новости