www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Эрлан Бекчороев бийликтегилерге чукул Кайрылуу жолдоду.

Муну бийлик кылган жок биз билбейбиз дебегиле! Чыгаргыла өлкөдөн! 

Афганистан, Пакистан, Индия чектеш жайгашкан. Индияны каптаган илдет элин кан жуткурду. Апаат менен алышууда дүйнөгө уят болгон Индия менен биздин өлкө болдук. Индиялыктар уйдун богуна чөмүлүп айыгып жатабыз десе, биздин ДАКАНСАБАШЫ баш болуп резиденцияда уу кайнатып, айнып калган адамдай көрүнгөн Алымкадыр чайнек менен ичип көргөздү. Муну айтканымдын себеби ой жүгүртүүсү окшош кишилерди бир өлкөгө чогултуп мамлекетти жок кылалы деп жатасыңарбы?

Урматтуу Президент Садыр Жапаров, Коопсуздук кеңешиндеги төрөлөр Марат Иманкулов, Таалатбек Масадыков, урматтуу Камчыбек Ташиев! Киргизсеңер үйүңөргө камап баккыла. Элди аралатпагыла

Индия, Пакистандыктар илдет менен алышып толук айыгып бүтө элек. Дагы башка түрүн жуктуруп алышып ооруп жатышат. Билбейм дебегиле мамлекеттин уруксаты жок чет элдик бир дагы жаран кире албайт. Оогандыктарга оор кырдаалда кол суналы деп тигилерди аралатып ийдиңер. Коопсуздукту эске алдыңар беле? Же акча төлөсө эле болдубу? Акча көрсөңөр көзүңөр күйүп жатып акыры күйүткө батасыңар!

Түнкү экиде көчөдө жүрсөң тигилер деле шаарды аралап жүрүшөт. Жаңы конуштарда, маркеттерде, Көлгө чейин жүрүшөт. Аларды Көлдө обсервацияга алып Арабияга узатып ийгидей абабыз, Алымкадыр Бейшеналиев акылдуу кадам кылып жатабыз деп ойлойсуңарбы? Же уу менен дарылап беребиз деп чакырдыңарбы? Алар жакында уйдун кыгына жуунуп келишти эми уу берсеңерби? Тез аранын ичинде өлкөдө чыгаргыла! Аябай кооптонуп баштадык. Булар өлсө өрттөп көмгүдөй отун дагы жок…

Эске салсак, Эрлан Бекчороев өлкөдө чындыкты чыркыратып айтып келген активисттердин сап башында турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости