www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Таалайбек Эгембердиев көп жылдан бери мисте токойлорун токой чарбадан ижарага алып иштетет.

Анын айтымына караганда Кочкор-Ата токой чарбасынан алган жери быйыл түшүмдүү болгон. Мисте айрым учурда төрт жылга чейин түшүм бербей калат. Ал учурда Ноокендин мистесинин баасы жогорулайт.

--“Мен көп жылдан бери ушул аймакта өскөн мистенин түрдүү сортторунан тышкары жаңгак, өрүк-мейиз жана башка жашылча-жемиштерин, айыл чарба азыктарын өстүрүп келем.

Айыл жергесинде көпчүлүк тургундар ушуну менен эле оокат кылып келишет. Мен мистени Кыргызстандын аймагына 450сомдон сатам, кээде 500 сомго чейин чыгат. Азыр мен жакшылап тазалап, кургатып, сырттарын жасап, эл аралык нормага шайкеш кылып даярдадым. Эми жакшы үмүт бар.

Бирок Орто Азияда Ноокен чөлкөмүндө гана өскөн мистени жакшылап даңазалап, чет мамлекеттерге экспорттосок абдан жакшы болмок.

Карапайым эл ушуну менен алектенет. Баарыбызыга белгилүү эч ким чет өлкөгө экспорттого аракет кылган эмес. Буга чейин тиешелүү бимйлик өкүлдөрү аракет кылышы керек болчу. Мына азыр гана фестиваль уюштурулууда. Эми Кыргызстанга эле эмес чет элдиктерге чейин жайылса, мистебизди жөнөткөнгө шарттар түзүлөт деп ишенем”, - дейт жергиликтүү тургун.

Кошумчалай кетсек, 28-август күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык “МИСТЕLAND” деген аталыштагы мисте фестивалы өттү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалад-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурлан Шаршеналиев, Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азамат Эркебаев, жеке ишкерлер жана илим чөйрөнүн адамдары, жергиликтүү тургундар катышты.

“МИСТЕLAND” фестивалы Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими Нурлан Шаршеналиевдин демилгеси менен уюштурулган.   

Иш-чаранын максаты - Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу, өлкөгө инвесторлорду тартуу болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости