www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибан кыймылынын лидеринин сүрөтү жарыяланды

Ооганстанда бийликти басып алгандан бери биринчи жолу радикалдуу "Талибан" кыймылынын согушкерлери өз лидери Хайбатулла Ахундзаданын сүрөтүн жарыялады. Сүрөттү TOLO News телеканалынын журналисти Муслим Ширзад сүрөттү ооган саясий комментатору Назар Мохаммад Мотмаинге таянып Twitter баракчасына жарыялаган.

Буга чейин талибдердин лидери тууралуу ЖМКларда эч кандай маалымат жок болчу. Ошол эле учурда, посттун астындагы комментарийлерде колдонуучулар сүрөт эки жыл мурун тартылганын жазган.

Эске салсак, 29-августта Ariana News Ахундзада Ооганстанга келгенин кабарлаган. Америкалык аскердик контингент Афганистандын аймагында жүргөндө молдо Пакистанда жашырынып жүргөн. Белгиленгендей, учурда ал Кандагарда жана башка талибдердин лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

Расмий деңгээлде Ооганстандын жаңы башчысын дайындоо жана бийликти талибдерге өткөрүп берүү жөнүндө эч кандай билдирүү болбогону менен, согушкерлер өз билдирүүлөрүндө Ахундзаданы Афганистан Ислам Эмиратынын жогорку лидери деп аташат.

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирген.

Талибдер чет элдиктер өз жарандарын 31-августка чейин чыгарып кетиши керектигин жар салган.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости