www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва радикалдуу Талибан кыймылы (Орусияда тыюу салынган террордук уюм) менен мамилени жакшыртууну пландап жатат. Бул тууралуу Россия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Тышкы иштер министрлигинин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабулов билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Дипломат орус тарап Ооганстандагы каалаган өкмөт менен конструктивдүү байланыштарды сактап турушу керектигин баса белгиледи. Ал республикада талибдер жана карапайым адамдар америкалык аскерлер калтырган куралдарды жарандык согушту баштоо үчүн колдонбойт деп үмүттөнгөн.
Эске салсак, 28-августта Кабулов Ооганстанда бийликке талип согушкерлеринин келиши менен Орусияга салыштырмалуу ыңгайлуу болгонун айткан. Анын айтымында, акыркы сегиз жылдын ичинде Москва республиканын бийлик өкүлдөрү, анын ичинде талиптер менен мамиле түзүп келген. Дипломат кошумчалагандай, талибдер инклюзивдүү өкмөттү түзүү боюнча шыктандыруучу сигналдарды жөнөтүп жатышат.
Афганистандагы кырдаал
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.
16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирген.
Талибдер чет элдиктер өз жарандарын 31-августка чейин чыгарып кетиши керектигин жар салган.
"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg