www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз билгенден, ар бир партиянын өз “кошелогдору” болот.

Эл айтса, анда калп айтпайт… «Шамал болмоюн теректин башы эч качан кыймылдабайт» эмеспи. Президенттик, парламенттик шайлоо башталганда эле өзүнүн шектүү иштерин жабыш үчүн Жалил Атамбаев түштүк боюнча “КСДПнын чыгымын мен көтөрүп берейин?” деп суранып жүргөндөрүн айтып калышат. Ошон үчүн бийликтин партиясы болгон КСДПнын депутаттары анын мындай коррупциялык иштерине “бармак басты, көз кысты” кылып коюп жатышат. Ал эми Жалил мырзанын артында президенттин партиясы турганда кимиси анын мышыгын “пыш!” дей алмак эле.

Мындайда салыкчылар, соцфонддун жетекчилери да ага тийише алышпайт го деген ой кетет. Анткени, “Бел-Арча” фирмасы бир күндө, жума, ай сайын, жыл тогошкондо канча тонна көмүр казып, сатканы боюнча жаап жашырылган, толук маалыматты салыкчы менен соцфонддун кызматкерлери толук деле билбесе керек. Өзбекстандын цемент заводуна, Аравандагы цемент заводго, Ош шаарындагы ТЭЦке, ооруканаларга, мектептерге сатылып кеткен көмүрлөрдүн чыныгы иш кагаздары жашырылып келгени айтылып да жүрөт.

Бийликтин күчү, социалдык фондго, салыкка төлөбөй жашырып жүргөн, таза кирешеден түшкөн акчаларын ачыкка чыгарып, казынага миллиондогон акчаларды төлөттүрүп, коррупциялык иштердин бетин ачып, бийликтин ээси ким экенин көрсөтүп, бул жемкорлорго чөнтөк кактырып койсо башкача болмок. “Уурунун көчүгү кууш болот”- деп бекер жеринен айтышпаса керек. Өтө сак Жалил мырзанын буту чалынган жерлери көп эмеспи. Бул боюнча атайын кызматтын адамдары дыкат изилдеп чыгышы керек эле.

Уландысы бар...

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости