www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай «афёралык» иштерде жалгыз адам эч нерсе жасай албайт эмеспи. Алардын башын арам акчалар гана бириктирип, мафиоздук топ ишке ашырат. “Бел-Алма” көмүр кенинин айланасындагы конкурсту бул тармакта кызыкчылыктары бар мафиоздук топтун жең ичинен өткөрүп жатканын экинчи тарап убагында билген эмес. Баткен облусунун ошол кездеги губернатору Ж. Разаков, Кадамжай районунун акими А. Мадумаров, Майдан айылдык өкмөтүнүн башчысы Нурматов Алтынбек, айылдык кеңештин төрагасы М. Курмушуев, лицензия бере турган бөлүмдүн жетекчиси, тоо-кен комитетинин башчысы Топчубаевалар катышат.

«Бел-Алма» кени боюнча конкурсту өткөрүүдө өтө куулук менен уюшулган мафиоздук топ, элдин ырыскысы, байлыгы болгон көмүр-кенин “болочок кожоюндан” алчусун алып туруп гана цивилдүү жол менен уурдап берүүгө шарт түзүп берип отурат. Бекер жерден ушундай шектүү кадамга барышмак беле. Бир карасаң бардыгы мыйзамдын чегинен бир сантиметр ары жылбай иштеп жаткандай көрүнөт. Бир аз мезгил өткөндөн кийин гана ошол конкурстун жыйынтыгына таянып “Беш-Арча” фирмасына лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Р. Курмушуев, кадимки эле Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаровдун кара чечекей күйөө баласы болуп чыгууда.

Билими боюнча юрист экен. Кантип эле, тоо-кен тармагы боюнча эч кандай адистиги, түшүнүгү жок адам бул тармактын тагдырын чечип, лицензия берип жатканына жол болсун дейсиң.Эски “менттер” Атамбаев, Разаков, Зулпукаровдун баштарын бириктирип турган, жок жерден акча кылуу гана го деп ойлоп кетесиң. Бүт айланабыз коррупцияга айланып баратат. Аны ким токтотот? Жалгыз гана президент Алмаз Атамбаевдин колунда турат. Биз президентке жардам беришибиз керек.

Уландысы бар...

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости