www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал мындайча болуптур…

Акчасы бар, амалдуу адамдардын алдында, айлыктан айлыкка тишинин кирин соруп жашаган, кызматтагы чиновник адамдар дайыма көз каранды болушат. Ошондуктан, алар акча жасаш үчүн кызматтык абалынан пайдаланып, коррупциялык иштерге атайылап барышат. Зилалиев да Атамбаевге окшогондордун акчаларын көргөндө, башынан селдеси учуп түшкөн молдодой тогуз томолонуп, анын “афёрасын” колдоп чыкканында болуп жатат. Конкурска “Жаңы Доор”, “Беш-Арча” (экөө тең Жалил Атамбаевдин фирмасы) анан азыркы күндө Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун фирмасы “Пери Тикол-Юг” да алардын арам иштеринен кабарлары жок, афёрасынан шек санашпай, ак дилден конкурска катышат.

Алгач, бул конкурстун калыс өтөрүнөн Бердибай Примов да эч кандай шек санабайт. Анткени, Бердибай аксакал ошол эле Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларына бекер, көмүр түшүрүп, башка дагы материалдык жардамдарын берип жүргөн экен. Жалил Атамбаев менен Зилалиевдердин арам ойлору туурасында Бердибай Примов менен баласы, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдор кымындай да шек санашпай конкурска катышат.

Эл арасындагы кадыр-баркына ишенген Примов Майдан эли менен жолукканда: “Мен чыныгы көмүрчүмүн, ал эми Жалил Атамбаев көчөдө бензин, солярка сатып жүргөн, алып сатар «солярка пуруш»! Анын көмүр казуу боюнча түшүнүгү жок! Эч нерсе билбейт, ал мошенник…”- деп айткан сөзүн эл угуп, аксакалдын бетке айткан сөзүнө ыраазы болушкан дешет. Чынында Атамбаевди эл арасында “солярка пуруш” деп бекер жеринен айтышпаган болсо керек! Көмүр кени Майдан айыл өкмөтүнө караштуу болсо да Жалил Атамбаев Папан тараптан жол салып алган.

Андан да көмүрдү текшерүүсү жок эле талкалап ташып жаткан Атамбаевдин фирмасына болгон “Жаңы Доорго” элдин жек көрүүсү, эски кеги бар болчу. Ал элге эч кандай жардам бербестен, айыл тургундарын тоготпой атасынан калган көмүр кениндей жапайы жолдор менен иштете берген. Анын ачкөздүгүнө элдин кыжыры кайнаган эле. “Жаңы Доор” фирмасы бул конкурстан өтпөйт деген толук ишеним да ошондон болсо керек.

Эл ачык эле экиге бөлүнүп, “Жаңы Доорго” каршы турушат да, ортодон дагы деле Жалил Атамбаевдин башка бирөөгө каттаттырып койгон “жандоочу фирмасы” болгон “Беш-Арча” конкурстун жеңүүчүсү болуп чыга келет. Атамбаев ансыз деле Майдан айылындагылар жек көргөн “Жаңы Доор” фирмасын садагага чалып, “сүткор” чиновник Зилалиевдин таасири алдында өзүнүн жаңы фирмасын амалдуулук, эки жүздүүлүктүн өтө чеберчилиги менен, камырдан кылды сууругандай жеңүүчү катары алып чыгып кетет.

Албетте, шылуундук менен конкурсту уюштурган Зилалиевдин бул иште “өтө чебер адис” экенинен кабар берет. Мындай көрүнүш анын буга чейин да шектүү иштерди өткөрүп жүргөнүнөн кабар берет дегендик эмеспи. Залда отурган, арамдыкты билбеген карапайым айыл адамдары “Биз Бердибай Примовго да, Жалил Атамбаевдин фирмасын “Бел-Алма” көмүр кенине жолотпой койдук. Жаңы адам, жаңы фирма өттү…”- дешип конкурс өткөн жерден баштарын бийик көтөрүшүп, жеңүүчү катары жыйын өткөн залдан чыгышат.

Алардын көкүрөгүнө батпаган бул кубанычы деле көпкө созулбады. Зилалиев менен Атамбаев карасанатайлык менен элди алдап кеткенин Майдан айылынан келген тургундар ошол учурда билишпей айылдарына кете беришет. Акыркы саатка чейин, карапайым эл эмес, көптү көргөн Бердибай Примовдун да “Бул конкурстан сөзсүз биз утабыз!”- деген ишеничи суу кечпей, жеңилгенине ыза болуп кала берет. Бул конкурс эмес эле, атайын уюштурулган афёралык, кылмыштуу иш эле. Зилалиев менен Атамбаев башында турган, дыкат уюштурган «афёра» экени кийин билинди.

Өткөндө ФРГнын мурунку президенти өз досунун банкынан пайызын төмөн түшүрүп кредит алганы билинип калып, өз элинен кечирим сурап кызматын таштап кетүүгө аргасыз болду. Жакында эле Түштүк Кореянын президенти жакын досуна айтып койгон сыр сөзү үчүн кызматтан кетти. Эмне үчүн демократиялык коом курабыз деп, жаңы коомдун босогосунда турган кезде ушул «афёралык» иштери үчүн Зилалиев менен Атамбаев кызматтарын таштап, мыйзам алдында жооп бербейт… Акыры биз өз билгенин кылган феодалдар менен бай манаптардын заманында жашап жаткан жокпуз да… Алмаз Шаршенович, сиз акыркы кезде биздин жашообузда терең тамырлап бараткан коррупция менен күрөшүп жатасыз, буга окшогон коррупционерлерге кандай мамиле кыларыңызды элиңиз күтүп турат… Албетте, сиз кара кылды как жарган президент боло алсаңыз, мен ошого ишенем…

Уландысы бар...

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости