www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл арасында “Алдар Көсө” деп аталган Жалил Атамбаевдин “Жаңы Доору” утулуп, анын дагы бир фирмасы “Беш-Арча” кантип уткан? Бир коррупциялык схемадагы конкурстун жыйынтыгы мындай болуптур. Буларды мафиялык топ деп айтууга туура келет. Кантип, дебейсиңерби? Анткени, бүгүн капчыктуу Жалил Атамбаев менен чиновник Зилалиевге окшогондор, мамлекеттин экономикасы, элдин жашоосунан “мафиялык топтун” жеке кызыкчылыгын жогору коюшуп, арам иштерди жасап жатышат. Алардын өз чөнтөктөрүн арам акчаларга толтуруу, бай-манаптык жашоосун, балдарынын жыргал турмушун гана ойлогон, төбө чачты тик тургузган иштерине элибиз деле күбө болушуп калды го. Ушундай колу туткактардын айынан элибиз азыркы күндө ачык эле бай-кедей болуп бөлүнүп, республикабыздын экономикасы итке минип калганы эч кимге жашыруун деле эмес.

Ар кандай кен байлыктарга ээлик кылуудан мурда, эреже боюнча конкурс өткөрүлөт эмеспи. Көрсө, буга деле ишенип болбойт экен. Ар бир ОсООлор, фирмалар социалдык пакеттер менен менен конкурстарга катышат. Ал эми конкурска катышкан фирмалар, ошол кен байлык кайсы айыл өкмөтүндө жайгашса, ошол жерге ар кандай социалдык пакеттерди куруп берүүгө макул болушат. Жалил Атамбаевдин фирмасы да конкурска катышып, Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын көңүлүн алыш үчүн 200 млн. сомдук социалдык пакеттерди аткарабыз деп сөз бере салышкан. Чындыгында элдин айтымына караганда Жалил мырза элди алдап кетти дегенге ишенсе болот. Ага желдин оозу гана кеткенин Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочулары жакшы билишет.

Бул Алдар Көсөлөр айылдагы балдар бакчасын косметикалык түрдө шыбап коюшуп, биз элге жардам кылдык дешип, эптеп чампалап коюшканын айтып жүрүшөт. Албетте, айыл жергесиндеги жөнөкөй адамдар өз укуктарын коргоону көп учурда билишпейт. Андай кезде, элдин өз укуктарын билбеген учурунан пайдаланып, мыйзамдуулук жок жерде бардык кызыкчылык Атамбаев үчүн гана иштелет эмеспи. Жалил Атамбаевди байдын кызындай мактаган айыл өкмөт башчысы менен айылдык кеңештин төрагасынын элге мактанарлык иши жок, беттери кызарып жердештеринин жүзүн карай албай, өз айылдаштарынан качып жүрүшкөндөрү маалым.

Кандай гана кенди өздөштүрүү иштери башталар алдында конкурска катышкан фирмалардын техникалык жактан мүмкүнчүлүктөрүн дыкат карап чыгышат. Башка фирмаларга караганда Атамбаев өзүнө караштуу 35 даана ХАО жүк ташуучу машиналары, кенди иштетүү эксковатору, подгрузчик, бульдозери менен кошо конкурска катышат. Бул жерде да “арамза” Атамбаевдин былыгы кийин гана ачыкка чыгып, «афёралык» иши көрүнүп отурат. Негизинен “Бел-Алма” көмүр кенин иштетүү үчүн конкурска үч гана фирма катышканы маалым.

Анын ичинен, эгиздин түгөйүндөй болгон Жалил Атамбаевдин эки фирмасы катышып жатканын карапайым элдин эч кимиси алгач билбейт. Көрсө, мындай афераны Зилалиев менен Атамбаев гана билчү экен. Өзүнүн аферасы менен белгилүү болуп калган Ж. Атамбаевдин “Жаңы Доор” фирмасын Майдан айыл өкмөтүнүн тургундары анчейин жактыра беришпейт болчу. Анткени, андай мамиле кылууга Жалил Атамбаевдин өзү себепчи болуптур. Башта эле элди алдап, айткан сөздөрүн жасашпай ишенимден чыгып калышкан фирма экен.

Алар Зилалиевди эл тарап болуп берет, элдин каарына калган “Жаңы Доор” фирмасын бул конкурска катыштырбай коёт деп арамдыкты, куйтулукту билбеген айылдын карапайым адамдары бул чиновникке ишенишкен болчу. Ошол кезде Зилалиев менен Атамбаев бул аферанын “киндиктеш” авторлору экенин карапайым эл кайдан билишсин? Чынында Зилалиев башында туруп, өтө кылдат даярдыкта уюшулган кылмыш иши болчу… Өтүүчү конкурсту да атайын Бишкекте өткөрүп жаткандарынын сыры кийин гана билинип отурат. Биринчиден, көмүр кени жайгашкан Майдан айылынан өтө эле алыс болчу.

Миң чакырымдай алыстагы Майдан айылынын жалпы тургундары бул конкурска катыша да албай турганы айдан ачык белгилүү болчу. Эгерде эксперттердин айткандарына караганда, ушул эле конкурс Майдан айылында өткөндө Жалил Атамбаевдин фирмасы эч качан жеңип чыкмак эмес дешет. Бул конкурска “дирижерлук” кылган Зилалиев атайын сүйлөшүлүп, алакандар жылыгандан кийин Атамбаевдин фирмасы утуш үчүн Бишкекте өткөрүп жатканы алдын ала максаттуу түрдө уюшулган “кылымдын аферасы” эле. Бул алдын ала ойлонуштурулган арам ойлуу кадам болгон.

Конкурстун өтүүчү процедурасы ушул жерден бузулган эле… Анткени, конкурс Майдан айыл өкмөтүндө эмес, Бишкекте өтүп жатпайбы! Биринчиден, Кадамжай районунан бул жакка чейин, жол алыс болгондуктан Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларын Бишкекте өткөн конкурска алып келүү мүмкүн эмес болчу. Жашоосу жупуну, ар бир сомду үнөмдөп жашап жаткан карапайым адамдын Бишкекке келип кетүүсү кыйын болмок. Атамбаев менен Зилалиев бул кадамды да эске алышы мүмкүн эле. Эч ким, ушунча алыс жерге алып келе да алмак эмес. Экинчиден, конкурс ошол көмүр кени чыккан жерде өтүшү керек эле.

Андай болгон жок. Майдан айылында Атамбаевдин фирмасы өтпөсүн билип, башта сүйлөшкөндөй Бишкектен өткөргөндөрү да өз максаттарына жетүүнүн биринчи планы болгон. Эки тарап тең, өз тарапкерлерин кызыкчылыктары үчүн Баткен облусунан, өзгөчө Майдан айыл өкмөтүнүн тургундарын Бишкекке ташып келишип, кымбат мейманканаларга жаткырып, үч маал ысык тамактарынан бери уюштурушуп, чөнтөк пулдарынан беришип, аталык камкордукка алышат. “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет!” – деген ушул эмеспи.

Ансыз болчу беле… Кен байлык талашы кара жерге кирсин! Ошентип, кен талашкан “көпөстөр” бир атанын балдары, тамыры бир, түбү бир, барса базары, өлсө мазары бир айылдаштарды арам акчалары менен экиге бөлүп салышты. Бир айылдын адамдары эки фирманын колундагы саясый кол жолугу, оюнчугуна айланды.

Уландысы бар...

Булак: “Жаңы ОРДО”

 

Последние новости