www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин колума жеткен маалыматтарга таянсам, «Бел-Алма» кенине алгач кожоюнчулук кылган ОсОО “Сити Холдинг” болгон. Ал эми Замирбек Эсенаманов министр болуп турган учурда “Эйша Пейсифик Ресурсов” компаниясына өтүп кеткени таң калыштуу болгон. Ал компаниянын артында Жогорку Кеңештин муруңку төрагаларынын бири турган деген маалымат да бар. Аты аталган «Бел-Алма» көмүр кени Эсенамановдун көшөгө артындагы оюну менен 1 200 000 америка долларына сатылып кеткен. Ушуну менен эле алар туруп калышкан жок.

Андан кийин ОсОО “Беш-Арча” көмүр кенин 1 000 700 доллар менен утуп алды кылышып, “кара алтындын” кожоюну Жалил Атамбаев болуп калат. Эл арасында “Беш-Арча” компаниясынын артында Жалил Атамбаев болгону менен иш кагаздары анын Улан деген жээнине катталган. Айылдаштары айткандай, Жалил мырзанын бул “олигарх” жээнинин короосунда байланган ую, анча мынча жандыгы бар, Чалма айылында турмуштун кыйынчылыгын эл катары көрүп эле жүргөн жупуну адам дешет. Анан кантип эле, Атамбаевдин жээни Улан мырза ушундай кендин “кожоюну” болуп чыга келгенин Чалма айылындагылар угушса чалкасынан түшүшсө керек.

Фирманын ээси экенинен жүзүн жашырып жүргөн, эл арасында коррупционер аталган Жалил Атамбаев өзү да жердиги боюнча Кара-Кулжа районунун Чалма айылынын кулуну болот деп уктук. “Беш-Арча” компаниясы жээнине катталганы менен анын мындай фирма ачканга акчасы жок экени айылдаштарына деле белгилүү. Бизге жеткен кээ бир маалыматтар боюнча Жалил Атамбаев “Беш-Арча” компаниясын 400 000 америка долларына сатып алганы маалым. Себеби, кенди иштетүү үчүн ал жерден эч нерсе казылып, кендин сапаты, жердин кыртышы текшерилген эмес.

Кыргызча эле кенди жапайы жол менен казышып, четинен уурдап киришкен. Албетте, кыргыз элинде “Алма бутагынан алыс түшпөйт” деп айтылгандай Атамбаев өзүнүн табиятына жакын иш ыкмасы менен баштаган. Бирок, ишти баштаганда эле “Бел-Алма” кенинен казылып ташылган көмүргө жасалма документтерди жасашкан. Кыргыздар “Ал ээрге отурганда эле, кыйшык отурган болчу” дегендей болуп жатат. «Бел-Алма» кенинде эч кандай долбоорлоо иштери жүрбөй жатып, көмүрдү казып, сата башташкан. Жалил Атамбаев тараптан билип туруп, мыйзам бузуу менен иш башташкан. Бул «Бел-Алмадагы» коррупциялык иштин алгачкы кадамдары ушундай болгон.

Мындай кенди жалгыз эле Жалил Атамбаев “сугунуп” жатат дегенден алыспыз. «Бел-Алма» кенин четинен оюп жеп келе жаткан, Жалил мырзанын “табакташтарынын” бири, Геология жана минералдык ресурстар агенттигине Дүйшөнбек Текшербекович Зилалиев башчы болуп келгенден бери, бул тармакта коррупциялык иштер Сицилиядагы мафиядай гүлдөп өнүгө баштаганын, ушул тармакты жакшы билген адистер айтышып эле жүрүшөт. Текшербекович, бул шектүү иштерди текшербей эле, өзү кошо коррупциялык иштерге аралашып алган эмеспи?- деген күмөн туулат.

Т. Зулпукаров ЖКнын депутаты, А. Султанов экс-депутат, президенттин кеңешчиси И. Илмиянов, Баткен облусунун мурдагы губернатору, азыркы Өкмөттүн вице-премьер-министри Ж. Разаковдордун аттары да айтыла калып, бул кенде алардын үлүштөрү бар деп айтып жүрүшкөндөрү бекер жеринен болбосо керек. Алар ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап, ууруларга “крыша” болушуп, өздөрүнүн да алакандарын ай сайын “жылытып” жүрүшөт деген кептерди угасың.

Ушундай жемкорлукка тымызын жол ачып, эл үчүн күнү-түнү иштеген адамдай болушуп сыпаа басып, ооздорун кургак чөп менен аарчышып, арам байлык топтоого жол ачкан деп Зилалиевди айтышат. Алмаз Шаршенович, коррупция менен күрөшүүсүн Зилалиевден баштаса оң болот го деп ойлойм. Президент Атамбаев элдин айтканына ишенбесе,  УКМКнын башчысы Сегизбаевге тапшырма берип, тактап, изилдеп көрсүн. Биз билбеген дагы көп нерсени таап чыгышат деген ойдомун.

Акыркы кездерде Кыргызстанда да мафиялык топтор чынжырдай чырмалышып, иттин жүнүнөн да калың болушуп, бирин-бири колдошуп, ынтымактуу иштеп жаткандыктарын жашырып болбойт. Анын жүзү деп азыркы Жогорку Кеңеште отурган депутаттарды айтса болот. Бул олигархтардын мафиялык тобу. Мындай жол менен кетсек биздин мамлекеттин келечеги жок.

Өлкөнү уурулар менен олигархтар башкарып калуу коркунучу ар бирибиздин эшигибизди каккылап турат. Алар өзгөчө акыркы шайлоолордо жеңишке жетүүчү партиялардын алдыңкы орундарына төлөнүүчү акчалардан бери Жалил Атамбаевге окшогон “олигархтар” өз адамдарын Жогорку Кеңешке депутат кылып алып келүүгө жетишүүдө. Алар көбүнчө бийликке каршы сүйлөбөгөн, өз пикири жок жетеленме, кнопканы гана басканды билген “балык депутаттар” экени элибизге белгилүү.

Андан аркысына ал бечаралардын мээлери жетпей жатса, эмне кылышсын? Көбүнчө элдин, кен-байлыгыбызды, экономикабыздын канын соруп, митедей болуп келген “көпөстөрүнө” ылайыктуу мыйзамдарды кош колдоп берип “лоббировать” этип, добуш берген депутаттар экенин элибиз эми түшүнө баштады. Ошондой бай адамдардын, олигархтардын парламенттеги мандикар “кнопка баскычтары” болуп, жалданма жумушта иштеген депутаттар да пайда болууда. Аларды кийген костюмуна тагылган депутаттык төш белгилеринен гана билесиң.

Уландысы бар...

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости