www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Карапайым адамдардын жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, биз коррупциялашкан чиновниктердин уюгун талкалап, өлкөнү өнүктүрүү үчүн адилет жана жаш башкаруучуларга жол ачып жатабыз”

Бекер жеринен, союз мезгилинде Кыргызстанды Орто-Азиянын “кочегары” деп айтышпаса керек. Бул сөз ошого ылайыктуу болчу. Бизде көмүр чыккан жайлар өтө эле көп эмеспи. Мисалы атагы алыска кеткен Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шуран, Алмалык, Көк-Жаңгак, Туюк, Кара-Кече, Жыргалаң, Таш-Көмүр жана башка көмүр чыккан бассейндерин айта берсе өтө эле көп.

Ошондой кара алтындын өтө көп запасы жаткан «Бел-Алма» көмүрү акыркы учурда чоң талаштын чырына айланды. Ошол коррупциялык чыр бүгүнкү күндүн “көмүр падышасы” аталган Жалил Атамбаевдин ач көздүк менен «Бел-Алма» көмүр кенин алган күндөн башталат. Канча ирет ошол жердин тургундарынын оозун акча менен басса да, элдин нааразылыгы ушул күнгө чейин уланып келет.

Атамбаев каршы пикирин айткан адамдардын баарын өзүнүн арам жолдор менен тапкан акчаларын берип оозун басканга азыр деле аракет жасоодо. Анча-мынча айылдык деңгээлдеги лидер сөрөйлөрүнө акча, райондо кадыр-баркы барларга “жол тандабас” машина мингизип ооздорун басыптыр деп уктук. Ошондон кийин «Бел-Алма» кенинин чатагы басылгандай болду эле.

Бирок элдин нааразычылыгы дагы деле токтой элек экен. Көрсө, эл дагы деле Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө нааразы экенинен кабар алдык. Бардык эле нерсени акча менен басып алууга, ошондой эле элдин баарын сатып алууга да мүмкүн болбосо керек.

Бул жерлерди тыкыр изилдеген окумуштуулардын айткандары боюнча «Бел-Алма» көмүрүнүн запасы 80 000 000 тоннадан да көп деген маалыматтар бар. Мынчалык көмүр кенинин запасы жер астында жатканын билгенден кийин Атамбаевдин алкымы бузулуп, көзү маймылдын көчүгүндөй кызарып, түн уйкусу бузулуп, башкаларга ыраа көрбөй жаткан учуру. «Бел-Алма» көмүр кенин башка көмүр кендериндей шахта түрүндө, жер астынан азаптын азабы менен казып убара тартып отурбастан көп деле чыгым тартышпайт экен.

Башка кендерден «Бел-Алма» кенинин сыры ушунда жатат. Үстүндөгү бир аз топуракты шилеп салып, аз чыгым кетирип көмүрдү каза берүү жеңил оокат экен. “Кара алтындын” кени болгон «Бел-Алма» көмүр бассейни бир райондун элин гана эмес, керек болсо облустун калкын бага турган өтө уникалдуу кен байлык экени талашсыз. Майдан айылында кычыраган кышта жакканга көмүрү жок отурган карапайым элдин жашоосу күндөн-күнгө кыйындап барат.

Элдики элге кетиши керек эле. Мисалы, Мамат Айбалаев Кадамжай сурьма комбинатын башкарып турганда ал Кадамжай району эмес, облусту кошо баккан ишканага айланткан. Жалил Атамбаев байыса байыгандыр, карапайым элдин итке мингени, бул чындык. Бирок, эл арасында айтылгандай “ууруну каракчы тоноптур” деген заман болуп жатпайбы…

Уландысы бар...

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости