www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Карапайым адамдардын жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, биз коррупциялашкан чиновниктердин уюгун талкалап, өлкөнү өнүктүрүү үчүн адилет жана жаш башкаруучуларга жол ачып жатабыз”

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев

Бул ирет Атамбаев туурасында сөз кылууну туура көрдүм…

Албетте, президент Атамбаев эмес, Ош шаарынын тургуну бир кездеги “мент”, азыркы күндөгү “көмүр падышасы” аталган Жалил Атамбаев деген чириген “көпөс” жөнүндө сөз болмокчу. Анын азыркы президент менен эч кандай тууганчылыгы деле жок. Болгону Атамбаев деген фамилиялары гана окшош экенин окурмандарга айта кеткеним оң го.

Бул макаланы жазарымы айтсам, кара-кулжалык Жеке деген досум, “Ал деген «хищник»! Анын жеп ичкенин сен гана билесиңби? Керек болсо журналисттердин жазгандарын уруп да, окуп да койбойт! Ал акча эсептегенден башканы билбейт, өмүрү гезит окубаган адам. Керек болсо Ак үй, көк үйдөгүлөрдүн баарын сатып алган адам. Мен азыр, сенин өмүрүңдү, үй-бүлөңдүн тагдырын ойлоп жатам! Сени жок кылып, көмүр казылган таштардын алдына таштатып, эч ким таба албай тургандай үстүңө көмүрдүн калдыктарын төктүрүп, көмдүрүп коёт! Бүттү!”- деп калды. Мен Жеке досума “Кудай берген өмүрдү, Жараткан өзү гана алат.

Ал эмне, жердеги Кудай болуп калыптырбы? Сен менин тагдырым эмес, өзүңдүн бүкүлдөгөн көчүгүңдү ойлоп жатасың! Эмне, Жалилге жандалбастап болушуп калганыңа караганда анын акчасына колуң булганып калганбы? Элдин ырыскысын, мамлекеттин байлыгын уурдап тоногонду токтотсун! Мен болгону ошону гана айтып жатам…”- дедим. Ал эми Жеке күч алып, күпүлдөп “Жалил, акчасы көп, жердеги Кудай болуп калганы чын! Бел-Алмага бараткан жериңден таш кулап кетип, машинаңды басып гүмжам кылып коюшу мүмкүн. Арам акчалары менен тапкан бул кенди жөн эле сени жаздыртып, аны токтоттуруп койбойт! Ошону бил, ал сен сындап жазып жүргөн саясатчылардан эмес… Анын акчасы ак үйдөгү көкүрөгү түктүүлөргө чейин жетип, алар анын ырын ырдап, эч кимге кол тийгизбей коргоп турушат. Жолун тосом дегендердин эч кимисин аябайт.

Дагы айтам ал «хищник»! Байлыгын бирөөгө алдырбаш үчүн адам өлтүргөндөн да кайтпайт! Акебай, жазам дегениңди токтот! Андан көрө анын адамдары менен сүйлөшүп берейин…”- деп жинденип ары-бери басты. “Ал ошончолук эле «монстр» бекен?”- дедим. Жалил Атамбаев тар чөйрөдө отурганда “Мыйзамыңды уруп ойнобойм, баарын акча менен сатып алам! Кыргызстанда баары сатылат, Ак үй, көк үйдөгү мен деген адамдардын баарынын оозун майлап койгонмун… Мага каршы сөз да айта алышпайт, азырынча эч кимдин тиши да өтпөйт. Менин берген акчаларым “өлкө тагдырын чечкен адамдын” эң ишеничтүү кишиси аркылуу алаканын жылытып турат! Менин тамырым, өлкөнүн мартабалуу адамдарына чейин жетет…

Ошон үчүн колуңардан кокон да келбейт!”- деп айткан кептери бекер жерден эл аралап жүрбөсө керек. Жалил Атамбаевди карап туруп, бир кезде Брежневдин гүлдөгөн доорунда Өзбекстан гана эмес, бүткүл союзга дүң болгон Советтер Союзунун масштабдагы ”мафиозу” аталган Ахматжан Адыловго айласыздан окшоштуруп кетесиң.

Чынында Жалил Атамбаев элдин ырыскысын уурдап, байыган адам экенинде талаш жок. Анын акчасы менен тең тайлаша турган адам, азырынча түштүктө жок деп кеп кылгандар көп. Өзү дагы жакын санаалаштары менен отурганда “Жакында Кыргызстандагы эң бай деген Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабановдон ашып өтөм…”- деп мактанып коюп жүрөт дешет. Милиция болуп, айлыктан айлыкка эптеп үнөмдөп жеткирип жүргөн Жалил мырза мынчалык байлыкты кайдан топтоду?- деген суроо өзүнөн өзү пайда болот эмеспи.

Дүнүйө топтосун, ага эч кимдин ичи таарыбайт, ага каршы да болушпайт. Биздин мыйзамдар ага жооп берет. Мисалы, Сары-Өзөн Чүйдүн ээн талаа, саздуу камыш баскан жерине Орто-Азиядагы эң чоң “Дордой” базарын ак эмгеги, маңдай тери менен курган Аскар Салымбековдой жаратман адам болсо, башка кеп эле. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери Салымбеков канча миңдеген адамдарга жумуш ордун түзүп, мамлекеттин казынасына бир канча миллиондогон, балким миллиардаган сомдорду төгүп келет. “Көмүрчү” Атамбаевдин өмүр баяны андай эмес. Кеп, Жалил мырзанын кандай жол менен байлык топтогону жөнүндө болуп жатат. Бере турган суроонун маңызы ушул жерде.

Акыркы кездерде анын фамилиясы эл арасында чыр-чатак иштер менен гана кайра-кайра айтылып келүүдө. Мисалы, Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнө караштуу өтө чырлуу «Бел-Алма» көмүр кенинин айланасындагы жаңжалга байланыштуу чындыктын үнү элге жетсин деп чечтим. Ошол жаңжалдуу, «Бел-Алма» деген “кара алтын” кенинин өтө көп запасы жаткан жердеги элдин байлыгын чак түштө шылуундук менен уурдап алганы бар. Өз менчигине бир күндө айландырып, Атамбаев “кожоюн” болуп алганы туурасында окурман журтуна кеп кылалы. Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочулары, карапайым элдин колундагы ырыскысын уурдап алган адамдын жүзүн чогуу ачалы. Жалил Атамбаев ким? Кымбаттуу окурман, ушул нерсенин айланасында акыл калчап көрөлү.

 Уландысы бар...

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости