www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин 2017-жылдын 26-январь күнү Аксы районуна караштуу Кара-суу айыл өкмөттүккө талапкерлердин катарында белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров дагы катышкан эле.

Чынын айтуу керек Руслан Бекназаров бир топ депутаттык топ жана айылдын аксакал, жаштары тарабынан чакыртылган эле. Бийликтин катуу кийлигишүүсүнөн улам талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган Руслан Бекназаровго 1 добуш жетпей калып, айыл өкмөт шайланбай калган.

Элдин талабына ылайык андан кийинки 2 жолку шайлоого тең депутаттар кворум түзө албай таркап кетишкен. 2017-жылдын 28-майында жергиликтүу кеңештерге шайлоо болуп өткөн. 

Бул шайлоого СДПК, Кыргызстан партияларынын өкүлдөрү бир блок, Руслан Бекназаровду кайрадан айыл өкмөттүккө алып келебиз дегендер бир блок болуп чыгышкан. Жыйынтыгында Руслан Бекназаровду колдоочулар 21 мандаттын 16 мандатын утуп чыгышты. СДПК, Кыргызстан блогу 5 мандатка ээ болгон.

Руслан Бекназаровдун өз жериндеги кадырын ушундан улам деле билсе болот. Сырттан караган кишиге эми Азимбек Бекназаровдун уулу да дештери мүмкүн, бирок, жерине келип сураштырсаңыз Руслан Бекназаровдун өзүнүн дагы кадырын байкасаңыз болот.

Жеке пикиримде жаш саясатчылардын арасынан эн барктуусу, калысы жана жөнөкөйү дагы дал Руслан Бекназаров экенин байкасак болот. Руслан аке ийгилик, оомат каалайбыз. Улуу Рамадан айында Аллах бардык ийгиликтерге жеткизген болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости