www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда бекер бир нерсе тартылган жерге үймөлөктөшүп, ар-намысты унутуп, жугундуга жутунган иттердей сагаалаган адат таптык. Качан кыргыз кара курсактан кадырын төмөн койду эле?..
Ачкадан кесерип турса да, кыргыз сынынан жазган эмес. Тамакка, бекер оокатка үзүлүп түшүп, өзүн кор тутпаган. Абийир, намысын бийик койгон. Ошондуктан, кыргыз "бекердин тузу татыбайт" деген. Жоокерчилик заманда да, чаап алган жоосунун мүлкүн талабай, "бүлүнгөндөн бүлдүргү алба" дешип, арамдан өздөрүн оолак кармаган. Эч качан төмөн түшкөн эмес.
Азыр эмне болдук? Арам оокат аш болбойт дегенди унуттук. Жашоо жеңил, баары жайнап турган заманда да, пейилден кеттик. Бекер десе бир этегибизди үзө, бир этегибизди жаза басып, тузга чуркаган койдой жамырап каптайбыз.
Пейилиңден тап дечү эле элибиз. Пейлибизден таап, жамандыкты чакырып жаткан жокпузбу? Ойлонгон жан жок.
Качан кыргыз 100 сомдук чүпөрөк үчүн бирин-бири тебелеп, төө басты болушчу эле? Тимати тараткан бир токочу үчүн да намыс, арын жыйыштырып коюшуп, сөөк талашкан "иттердей" дүйнөгө шылдың болушту эле. Арабдардын бир литр май, 3 кг макарон, 1 кг эти үчүн мечит сагалап жүргөндөрдү айтпай эле коёлу?..
Ушул абалга качан жеттик? Кыргыз улуу эл экенинен танып лөлүнүн жолун жолдогондон сообу? Улутубуз деградация болуп, өзөгүбүздү дарт чалдыбы? Эсибизге, арыбызга качан келебиз? Ойгонбосок, ойлонбосок улут катары жоюлуп кетебиз го.