www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекешев «шылуун» курулуш компанияларды атады

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында курулуш компанияларына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Көптөгөн жарандар арызданып жатат, деп билдирди депутат Дастан Бекешев.

Анын айтымында, курулуш тармагында өзүнүн милдетин так аткарбаган шылуундар абдан көп. Аны менен катар курулган объектилер талапка жооп бербей, сапатсыз болуп, мөөнөтүндө пайдаланууга берилбей жатат.

«Мен фактылар менен айтайынчы. Мына, KG Group — бир топ объект, 5-6 объект бар. Бир үй курулду, ошол жерде негизи бала бакча болушу керек болчу. Жерди бир жарандан ижарага алып, ошол жерде куруп коюшкан. Азыр 6 объект эксплуатацияга берилген эмес.

«ТСТ Сервис Строй» — 2 объект бар, эксплуатацияга берилген эмес. Жарандар электр энергиясына өндүрүш объектиси катары төлөп жатышат. Лифт жок, бирок жарандар жашап жатышат.

Депутат «Оргтехстрой» компаниясы тууралуу да сөз кылды.

«Бир топ объекттери эксплуатацияга берилген эмес. Ага карабай Бишкекте мектеп курушту. Ал дагы пайдаланууга берилген эмес, себеби сапатсыз курулган.

«TS Group» — жаңы Ак үйдү куруп жатат. Анын дагы бир объекти колдонууга берилген эмес.

Шопен менен Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Build consult» деген компания үй курмак. Миллион доллардан ашык акча алды, үй жок.

Бөкөнбаев көчөсүнүн №222 дарегиндеги «Феркас Стройдун» үйү аягына чейин курулган жок. Акча алынган.

«Квартал Стройдун» Сүйөркулов көчөсүнүн №16/1... Курулса дагы бизнес борбор болушу керек болчу. Бирок ошол жерде...», - деди Бекешев.

Муну менен Дастан Бекешевге берилген убакыт аягына чыгып, төрага кезекти башка депутатка узатты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости