www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов парламенттеги “Ата Мекен”фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун каты боюнча түшүндүрмө берди. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, фракция лидеринин талапкерлер тизмесин өзгөртүү боюнча катында мыйзамдуу негиз жок.

- Фракциянын атынан жазылган каттын талапкерге эч кандай тиешеси жок. Талапкерлер тизмеден чыгуу боюнча өздөрү келип арыз жазмайын чыгарылбайт,- деди Бекматов.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Шыкмаматовдун БШКга жолдогон каты Интернетке жарыяланган. Анда партиянын талапкерлер тизмесиндеги Клара-Гүлнара Самат, Ташболот Балтабаев, Талант Узакбаев жана Рыспек Мирзаматовду талапкерлер тизмесинен чыгаруу өтүнүчү жазылган. Шыкмаматов бул каттын аныктыгын ырастап, кат төрт талапкердин “жетиштүү добуш албасак, тизмеден чыгабыз” деген тил катынын негизинде жазылганын айтты.

Катта аты көрсөтүлгөндөрдүн бири Ташболот Балтабаев андай кат жазбаганын билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сот чечимине байланыштуу мандатынан ажыратылгандан кийин анын ордуна Клара-Гүлнара Самат депутат болмок. Бирок анын кош жарандуулугуна байланыштуу маселеден улам учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: "azattyk.org"

Последние новости