www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курултай өтүп жаткан жеринен 15 делегат чыгып кетишти. Бул тууралуу Жертыңшаар Мамыт билдирди.
Эске сала кетсек, ушул тапта КСДП партиясынын Курултай өтүп жатат. Ага 190 делегат келип катышты. 15 делегат кол шилтеп чыгып кетишти. Азырынча Курултайдын ичиндеги саясый күрөш ачыкка чыга элек.
Баса, Съездди уюштуруу тобунун мүчөсү Кундуз Жолдубаева Ош облусунан келген төрт делегат жыйынга кирбей калды деген маалымат чындыкка туура келбей турганын айтты.
"Ош облусунан 20 делегат келген. Алардын барлыгы жыйынга кирди", — деди ал. Жолдубаева мындай маалыматтын тарап кетишин чагымчылдык деп атаганын Спутник сайты жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда Съезд соңуна чыкты. Атамбаев төрага болуп шайланган. Так ушул таптарда Атамбаев журналисттерге съезддин аякташы боюнча маалымат берүүсү күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg