www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында белгилүү ырчы, композитор Бек Борбиев интернеттеги баракчасына “Азимбек мырза, өзүңүздүн дагы өткөн күндөрүңүздү эске салып, банктагы «ячейкалар» жөнүндө бир кенен пресс-конференция берип койсоңуз жакшы болот эле, кылмыш иши жандана электе.. Эл арасында көп аңыз кептер айтылып келет, кантип «ячейкалар» Алматыга ташылганы...” деп жазып, анысы коомдо кызуу талкууга алынды.

Эл ырчысынын мындай сөздү ачык айтышына олуттуу негиздер бар болсо керек. Анткени, 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүш мезгилиндеги “временщиктердин” банктарды тоногону туралуу маалыматтар буга чейин да көп айтылып келди. Ал айтылгандардын баарында Азимбек Бекназаровдун аты өзгөчө көп учурайт. Айрымдарын кыскартып эске сала кетели.

“...Эми ал [Азимбек Бекназаров] жакын туганы Абдыбалы тегин Сүйөркулду Улуттук банктын жетекчилигине алып келүүгө жанталашуда. Учурда банк тармагында кызыктуу иштер болууда. Былтыр банк кутуларынан миллиондогон долларлар уурдалганы эсиңиздердеби? Акчаларды алуу Башкы прокуратура менен Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусунда жасалган болчу. Бирок, мамлекеттик органдар Улуттук банктын сейфине акчанын баарын жеткиришкен эмес. Кийин көп миллиондогон суммалар белгилүу бир партиянын шайлоо иштерине жумшалган. Ошол кезде Башкы прокуратураны Азимбек Бекназаров көзөмөлдөп турган. Ал кутуларда расмий жарыялангандан алдаканча көп акча болгонун билет. Улуттук банкта ачаларды бөлүштүрүүнү Бекназаровдун тууганы, Улуттук банктын азыркы төрага орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул өзүнө алган. ММКларда ушул физик дипломдуу банкир Сүйөркул миллиондогон долларларды Швейцарияга которуп жибергени жазылат. Ошондуктан ал Улуттук банкка төрага болуп келсе ошол иштердин изин жашырганга мүмкүнчүлүк болмок”. Муну “Айат” гезити 2011-жылдын 28-апрелинде жазган.

Абдымалик Мырзаев Улуттук Банктын экс-төрага орун басары: “АзияУниверсалБанктын кутучаларынан чоң кызмат адамдарына таандык эсепсиз көп акчалар Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан таланып-тонолуп кеткен. Үй-бүлөгө, режимге эч кандай тиешеси жок, карапайым кардарлардын сактап койгон каражаттары да жоголуп кетип жаткан. Сурап баргандардан прокуратуранын билермандары 10% өөнөп калып жаткан. Мындай каракчылыктын башында Азимбек Бекназаров турган”. А.Мырзаевдин мындай билдирүүсү “Тазабек” сайтына жарыяланган.

Ал эми “Дизель” сайтынын форумунда мындай маалымат айтылып келет: “Дагы бир маалыматтар боюнча өзгөчө талоончулуктарды Башкы прокуратуранын жалпы көзөмөл башкармалыгынын начальниги В.Краснокуцкий көп жасаган. Ал А.Бекназаровдун ишенген кадрларынын бири”.

“...Ызы-чуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефондук сүйлөшүүлөрү элге чыгып кеткенден кийин башталды. Алар банк кутуларынан алынган эки миллион долларды кайда сарптоону талкуулашкан. Ага удаа эле банк кутуларында болжол менен 100 млн доллар болгону тууралуу такталбаган малыматтар айтылды.

Кубатбек Байболов, экс-Башкы прокурор: “Видеокөзөмөл сакталган жесткий дискти алар атайын жогтушкан. Ушу кезге чейин канча каражат алынганы так эмес. Экс-президент Бакиевдин чет жакта жүргөн жакын адамдарынын бири өзүнүн бир интервьюсунда АУБдун өзүндө эле 100 млн доллар болгонун айткан”.

Туратбек Мадылбеков, Бишкек шаарынын ошол кездеги коменданты: “Бардык шектүү 

банктык эсептер менен мүлктөр камакка алынган болчу.Ошондуктан тергөө аяктаганча эч ким эсептерди камактан чыгарбашы керек эле. Бирок тергөө тобу Бишкек шаардык прокурорунун санкциясынын негизинде кутуларды ачып, алардагы акча каражаттарын алышкан. Эгер өйдө жактан буйрук болбогондо жөнөкөй прокуратура кызматкерлери мындай кадамдарга бара алышмак эмес. Алардын акталышы көшөгө артында сүйлөшүүлөрдүн болгонун жана жогортон колдоо бар экенин билдирет”. Жогорудагы эки саясатчынын мындай маалыматтары “Азаттык” радиосунда 2010-2-жылдын январында жарыяланган.

“Адиль Турдукулов, жарандык активист: Апрель революциясынан кийин Убактылу Өкмоттүн мүчөлөрү 300 миллион долларды өз ара бөлүп алышкан. “Вечерний Бишкектин” интернет версиясынын редактору Дина Маслованын булактары боюнча 2010-жылдын 7-апрелинде Максим Бакиевге тиешелүү 20 млн долларды унаанын багажнигине салып чыгарып кетишкен. Кичүү Бакиевдин калган каражаттары банк кутуларында калган жана алар кийин жоголуп кеткен. Бул боюнча Алексей Елисеев Башкы прокурор Байтемир Ибраевге бир нече жолу кайрылган, бирок жыйынтык болгон эмес. Тапкан экен кимге кайрылышты. Ибраев – банк кутуларын талоонго алууга түздөн-түз катыштыгы бар Азимбек Бекназаровдун адамы. Биз бүгүн дагы ушул суроону берүүгө мажбурбуз. 230 млн доллар кайда?”. Бул маалыматтарды А.Турдукулов 2015-жылы Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Жогорудагы маалыматтар апрель төңкөрүшүндөгү банк ячейкаларын талап-тоноонун башында Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү турганын, алардын ичинен өзгөчө активдүү иштерди А.Бекназаров аткарганын көрсөтөбү? Анда эмне үчүн “Бульдозерго” кылмыш иши козголуп, жазасын албай келет. Буга жоопту бир катар жагдайлар берет. Алсак, А.Бекназаров кээде чыга калып “Алмаз досум итсиң, акмаксың” деп койгону менен, аныгында Ак үйдүн тапшырмаларын аткарып, оппозиция ичине жик салуу миссиясын аткарып келгени, акысына банк кутучалары жана ага Бекназаровдун катыштыгы жөнүндө кылмыш иши жаап-жашырылып келе жаткандай. Бул өңүттөн караганда анын буга чейин далай чуулу иштерге аралашып жүргөнүнө карабай жоопкерчиликтен кутулуп, судан кургак чыгып келатканынын себебин түшүнүүгө болот. “Төңкөрүш жасайм деди” деген Б.Талгарбековдордун ишинде да (сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү Бекназаровдун кеңсесинде жүргүзүлгөн), Текебаевдин сотунда жалган маалымат берген да дал ушул Бекназаров эмес беле?

Демек, 2010-жылдагы банк кутуларын талап-тоноо кылмыштарын иликтеп, укуктук баа берүү мезгили келди десек болот. ММКларда жазылгандар менен экс-чиновниктердин, саясатчылардын билдирүүлөрү аныкталса, анда Азимбек Бекназаров өз жазасын алышы керек. Антпесе, төңкөрүштөрдөн акча жасап көнгөндөр кылмыштуу иштерин уланта беришээри дайын.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости