www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолоосу тийбеген чоңдорго!

АКШнын 32-президенти Ф. Рузвельт бийликке келген учурда мамлекеттин экономикасы талкаланып, кыйрап жетээр жерине жетип калган. Баардык масштабда кризиз муунтуп тамырын ке­нен жайган оор абал түзүлгөн. Банк жана каржы системасы толу­гу менен сазга баткан. Ири өндүрүштөр биринен бири жабылган.

Аталган өлкөнүн ага чейинки жана андан кийинки бир да прези­денти мындай оор шартта бийлик башына келген эмес. Ошентип, Франклин Рузвельт экономикалык каатчылык эң бийик чегине жетип калганда бий­ликке келди. Болгондо да индвалиддик коляскага олтуруп. Бул адам биликтин бийик сересине кел­генге чейин эле андан 10 жыл мурун 39 жашын­да айыкпас шал оорусуна чалдыгып, өз алдынча бассуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.

Бир жо­лу Ф. Рузвельт бөлмөсүндө жалгыз олтуруп үнүн баардыгынча кыйкырып, “мен минтип коляскада олтурам, мамлекетим болсо сазга батып баратат. Деги мен киммин?” деп алдындагы үстөлдү мушту­му менен катуу бир коет. Бирок жашоо менен бол­гон күрөшүн, эркинин күчтүүлүгүн ушундан көр, шал болуп олтуруп Американын экономикасын балчыктан сууруп чыгат.

Ушундай көрөгөчтүгү ме­нен 20-кылымда ааламдагы бирден бир эң күчтүү саясий фигура катары айтылып келет. Өз өлкөсүнүн тарыхында ал мамлекетин өнүгүүнүн жаңы нугуна бурган биринчи президент болгон.

Кийин өзү баш тартса да эли 4 жолу катары менен аны президентикке көрсөтөт, шайлайт. Мындай сый-ургал америка­нын тарыхында алигиче боло элек.

Булак: “Айгай-пресс”

Последние новости