www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-сентябрь күнү Бишкек шаарында маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз.

- Улан жаңы муундагы журналистиканын эң жакшы сапаттарын, жетишкендиктерин, эң жакшы сырларын өздөштүргөн, адамгерчилиги бийик, адамдык парзды баарынан бийик койгон, намыскөй, улуту, эли үчүн күйүп-жанган азамат эле. Таш боор ажал алып кетти. Улан баштаган, аяктай албай калган иштерди кесиптештери, кыргыздын жаш журналисттери улантат деп ойлойм. Аманчылык болсо Сапаргүл көз жарып, Уландын жогун жоктотпой, небереңиз жарык дүйнөгө келип, Уландын ордун басат деген тилектемин. Уланды эскерип, анын жасап кеткен иштерин айтып-деп жүрүү биз үчүн милдет. Анткени, Улан кыргыз жаш журналистикасынын абийирин, жүзүн, деңгээлин аныктап турган азамат эле. Айрым 80-90догу кишилер жасай албай турган иштерди 28 жашында жасап кеткен таланттуу инибизди ушинтип ажал алып кетти. Мына биздин “Азаттыкта” Уландын макалаларын, видеосюжеттерин өзүнчө китеп кылып чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.Буюрса ошол китепте негизги иликтөөлөрү, негизги материалдары камтылат.

Улан кыргыздарда биринчи болуп дүйнөдөгү эң барктуу сыйлыкка, “Оскар” интернет сыйлыгына татыктуу болгон. Мүмкүн ошол чоң сыйлыккка, белгилүү даражага жеткендиги себеп болдубу же башка нерсеби, айтор, мынтип ажал арабызданалып кетти. Уландын ишин артында калган эли, кесиптештери улайт деген ишенимдемин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости