www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маметбек Мырзабаев:Шемседдин мырза, кыргыз эли мындай кооз жана чоң мечитти салып бергениңиздер үчүн сиздерге ыраазычылыгын билдирүүдө. Алгач айта кетсеңиз, бул кайсыл акчага курулду? Каражат кайдан алынды?
Шемседдин Үнал:Бул мечит Түркиядагы жарандарыбыздын кайрымдуулук катары берген акчаларынын эсебинен курулду. Бул мечит үчүн деп элден каражат топтолду. Топтолгон каражатты иштетүү жана мечитти куруу жоопкерчилиги Түркиянын Диний Башкармалыгына жана Түркия Диянет Фондуна жүктөлдү. Түркия Диянет Фондунун «Комаш» деп аталган курулуш фирмасы бул мечитти баштан аяк куруп берди. Бул мечит түрк элинин кайрымдуулук каражаттарына курулуп кыргыз элине белек кылынды деп айтсак болот.
Мечиттин курулушу 2012-жылы башталып 2018-жылы, башкача айтканда алты жылда аяктады. Албетте курулуш башталаардан мурдагы жумуштар да болгон. 2006-жылы бул мечитти куруу боюнча пикирлер бышып жетилип, 2008-жылы бул мечитти долбоорлоо ишке ашырылды. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары долбоорлорду бекитип беришкен. 2012-жылы бул мечит курула баштаган эле.
Маметбек Мырзабаев:Бул мечитти куруу пикири, демилгеси кимге таандык? Ушундай мечитти курууну сиздер сунуштадыңыздарбы же биз тараптан ушундай демилге көтөрүлдүбү?
Шемседдин Үнал:2006-жылы да мен бул жерде Түркия элчисинин диний кеңшчиси элем. Ошол учурдагы Муфтий раматылык Муратаалы ажы Жуманов менен мамилебиз аябай жакшы эле. Ал киши биз жолуккан сайын Бишкек шаары кооз мечитке муктаж экендигин байма-бай айтып жүрчү. Мен ага Түркия бул маселе боюнча жардам көрсөтө алаарын айттым. Ошонун натыйжасында Муратаалы ажы Жуманов Түркия Диний Башкармалыгына кат жазып мечит куруу боюнча сунушун билдирген. Диний Башкармалыгыбыз бул сунушту карап чыгып, Муфтиятка берилген Жибек Жолу көчөсүнүн боюндагы жерге мечит салууга макул болгон. Ал жер Муфтиятка Кыргыз Республикасынын ошол мезгилдеги жетекчилиги тарабынан берилген болчу. Бул мечитке тиешелүү бардык расмий каттар жана кагаздар бул мечит тууралуу мен даярдап жаткан таанытуу китебинде бар.
Маметбек Мырзабаев: Бул мечитке канча акча сарпталды?- деген элди кызыктырган дагы бир суроо бар эмеспи.
Шемседдин Үнал: Расмий эсептер боюнча бул мечиттин курулушуна азыркыга чейин 28 500 000 доллар сарпталды. Бирок бул сан мындан аркы чыгымдар менен кошо эсептелгенде 35 миллион долларга чыгат деп күтүлүүдө. Себеби долбоорго ылайык бул мечиттин жанына Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгынын жаңы имаратын куруп беребиз. Ошондой эле Түркия элчилигинин диний кеңешчисинин офиси да ошол жерде жайгашмакчы. Мындан сырткары ал жерге жыйындар залын куруу пландалууда.
Маметбек Мырзабаев: Мечитти курууда колдонулган курулуш материалдарынын баары Түркиядан алынып келинди деген сөз чынбы? Архитектуралык өзгөчөлүгү тууралуу да айтып берсеңиз.
Шемседдин Үнал: Мечиттин сыртын каптоо үчүн колдонулган таштар гана Жалал-Абаддагы бир кенден алынып келинди. Ошол жердеги бир таш кенин атайын ушул мечит үчүн колдонуп, таштарды түрк адистер кесип даярдашты. Ал эми калган курулуш материалдарынын баары Түркиядан атайын ташылып келинди. Мраморлор, эшик-терезелер, килемдер, жарыктандыруу сыяктуу бардык буюм-теримдер сапаттуу болгону үчүн Түркиядан алынып келинди. Бардык курулуш материалдары чоң жүк машинелери менен Бишкеке ташылып келинди.
Бул мечит Осмон мамлекети дооруна тиешелүү болгон салттуу архитектуралык өзгөчөлүктө жана типте салынды. Стамбулдагы Сулайман мечитинин жана кийинки доордо курулган Анкарадагы Кожатепе мечитинин форматында салынды. Кыскача айтканда салттуу түрк-ислам искусствосунун өзгөчөлүктөрүн өзүнө камтыган мечит болуп эсептелинет.
Маметбек Мырзабаев: Диний жактан алып караганда бул мечит өзү кандай мааниге ээ? Кыргызстандагы мусулмандар, жалпы эле бардык мусулмандар үчүн бул мечит канчалык маанилүү?
Шемседдин Үнал:Эң башкысы бул мечитти Түркия мамлекети кыргыз боордошторубуздун, Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгынын суранычынын негизинде курду. Түркия Диний башкармалыгы жана Түркия диянет фонду дүйнө жүзүнүн көптөгөн аймактарында ушуга окшогон проекттерди ишке ашырып келет. Муктаждык болгон учурларда мусулмандардын талабы боло турган болсо ушундай мечиттерди куруп берет. Дал ушундай архитектуралык өзгөчөлүккө ээ мечит АКШда, Японияда жана Австралияда да курулган. Германия, Голландия сыяктуу мамлекеттерде да мынчалык чоң болбосо да ушуга окшош мечиттерди салганбыз. Россияда, Белорусияда мечиттерибиз бар. Балкан өлкөлөрүндө, ошол эле Косово, Албания, Македония сыяктуу мамлекеттерде да ошол жердеги мусулмандардын талабына ылайык мечиттер салынган. Сенегал, Мали, Жибути сыяктуу Африкадагы мамлекеттерде да Түркия диний башкармалыгы салган мечиттер көп. Ошондуктан Кыргызстандагы бул мечит кыргыз бир туугандарыбыздын суранычынын негизинде пландалып, курулуп, мына эми кыргыз элине өткөрүлүп берилди.
Сиздерге да маалым болгондой Бишкек мына ушундай көркөмдүү мечитке муктаж эле. Өзү Бишкекке ушундай мечит жарашат эле. Биздин аракетибиз жана Муфтяиттын колдоосу менен мына ушундай мечит курулду. Ак жолтой болсун демекчимин.
Маметбек Мырзабаев: Эмне себептен бул мечит Имам Сарахси мечити деп аталып калды?
Шемседдин Үнал:Биз кайсыл бир жерге мечит салганда ал мечиттерге ошол жердеги исламий маданият жана тарыхты эска салган аттарды коебуз. Сиздерге да маалым болгондой Фергана өрөөнү ислам тарыхы үчүн чоң мааниге ээ. Бул аймактагы исламдын тарыхий жана маданий баалуулуктарынын бири бул Имам Сарахсий болуп эсептелинет. Имам Сарахси бул чөлкөмдөгү мусулмандарга эмгеги сиңген чоң аалым эмеспи. Ал улуу заттын Өзгөндөгү мүрзөсү да Түркия диянет фонду тарабынан оңдолуп, кайрадан салынды. Анын мавзолейинин жанына исламий китепкана да салынды. Ошондуктан ушундай улуу илимпоздун аты Муфтияттын сунушунун негизинде ушул мечитке берилсин деп чогуу чечим кабыл алганбыз. Бул мечиттин толук аты Имам Сарахси атындагы Бишкек республикалык борбордук мечит деп аталат.
Маметбек Мырзабаев:Бул мечит Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана биздин президентибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан ачылбадыбы. Аларга жактыбы мечит?
Шемседдин Үнал:Албетте. Президенттерибиз мечитке аябай жогорку деген баа беришти жана алар ачылыш мааракесинде өздөрүнүн ыраачылыгын билдиришти. Алар үчүн эсте калаарлык нерсе болду деп эсептейм. Бишкектин көркүнө көрк кошо турган кооз жана чоң мечит курулганын баса белгилешти. Алардын бул мечит тууралуу айткандарын сиздер да массалык маалымат каражаттарынан көрсөңүздөр керек.
Маметбек Мырзабаев:Мечиттин мындан аркы жашоосу тууралуу сүйлөшөлүчү. Бул мечиттин кандай чыгашалары болот? Ким кам көрөт бул мечитке?
Шемседдин Үнал:Өзүңүздөргө да маалым болгондой мындай чоң мечиттин өзүнө жараша чоң чыгашалары болот. Суу, жылытуу системасы, тазалык, электр энергиясы, мечитке кызмат кылган адамдардын айлыгы болуп жалпысынан айына 10 миң доллардын айланасында чыгаша болот деп эсептеп чыкканбыз. Мындай акчаны Муфтияттын төлөй албай турганын эске алып Түркия диний башкармалыгы Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгы менен келишим түзүп белгилүү бир убакытка чейин мечиттин чыгашаларын төлөп турууга макул болгон. Буюрса, кийинчерээк кыргыз боордошторубуз бул жоопкерчиликти өздөрүнө алышат деп үмүттөнөбүз. Бирок азырынчы бул чыгымдардын баары Түркия диний башкармалыгы жана Түркия диянет фонду тарабынан төлөнөт.
Маметбек Мырзабаев: Сиздердин мындан аркы пландарыңыздар жөнүндө айтып берсеңиз. Кыргызстанда дагы кандай проекттерди ишке ашырууну пландап жатасыздар?
Шемседдин Үнал: Түркия диний башкармалыгынын негизги максаты Кыргызстандагы мусулман бир туугандарга диний муктаждыктарын камсыз кылууга жардам берүү болуп эсептелинет. Ошондуктан мындан ары да кыргыз элинин керегине жарай турган мечиттерди курууну улантабыз. Жогоруда да айтылгандай жакын арада бул мечиттин жанына Муфтияттын имаратын курууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле Түк элчилигинин диний кеңешчисинин офиси да салынат. Себеби биз орозо айында жана курбан айтта жетим-жесир жана колунда жокторго белек-бечкек, азык-түлүк жана курмандыкка союлган эттерди таратабыз. Биздин офисибиз ал жерде эл менен иштешүүгө шарт түзөт деп ишенебиз.
Муну менен катар Ош университетинин теология факультетинде теологиялык колледжинин имаратын курууну пландаштырып жатабыз. Өзгөндө жайгашкан Имам Сарахсинин күмбөзүнүн жанына да мечит курууну максат кылуудабыз. Буга кошумча диний басылмаларды которуу жана басып чыгаруу да биз аткарчу иш-чаралардан болуп эсептелинет.
Кыргызстанда Президенттин колдоосу менен ачылган «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна да Түркия тараптан акчалай колдоо көрсөтүлүп келет. Менин билишимчи кийинки этапта да бул колдоо улантылмакчы. Жыйынтыктап айтканда Түркия диний башкармалыгынын жана Түркия диянет фондунун боордош кыргыз элине дин тармагындагы колдоосу улана бермекчи. Бул өлкөдө кылган кызматыбыз кыргыз эли менен түрк элинин достугунун бекемделишине себепчи болот деп ишенем. Эки өлкөгө тең жаратканым жакшылыктарын гана берсин деп суранып кетмекчимин.
Булак: NazarNews.kg