www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык түйүндөрдө “Дордой” базарын басып кеткен кытайлар жана аларды калкалаган экс-депутат Абдырейим Кулбаевдин кылык-жоруктары тууралуу маалыматтар тарады. Маалыматтын текстин өзгөртүүсүз беребиз.
“Кыргызстанды басып кеткен кытайлар эми “Дордой” базарындагы ишкерлердин нанын тартып алууда!
Учурда, “Дордой” базарында иштеген миӊ деген соодагерлер банкрот болуу алдында турат.
Ага себеп, "Дордой" базарына жабышып ачылган "Кербен" базары Кытайлык монополист ишкерлерди базарына киргизип алган.Алар, мурда Кытайдан келип, “Дордой” жана “Алкан” базарынан курутуп, кийин базардан куулган 9 кытайлык монополист ишкер болчу.
Алар, Кыргызстандык соодагерлерди банкрот кылуу максатында, Кытайдан чоӊ көлөмдөгү товарларды арзан алып келип, Казакстан жана Россия аймагына оптом чыгарууда кардарлардын көбүн тартып алышкан. Убагында, ушул эле ишкерлер “Дордой” базарында ушундай монополия кылып алуу аракетин көрүшкөн. Бирок, жергиликтүү ишкерлердин нааразычылыгын эске алган Салымбеков, кытайлыктарга “Кыргыздар саткан товарларды алып келбегиле жана сатпагыла”,-деген шарт коюп, аларга “Жунхай” деген базар ачып бөлүп салган. Кийин, алар кайрадан “Алкан” базарын басып, арзан товар алып келип кыргыз ишкерлерин банкротко учуратып, контейнерлерди четинен басып башташкан. “Алкан” базары дагы Кытайлыктардын монополия кылып, кыргызстандык ишкерлерди банкрот кылуу максатына жол бербей, базардан чыгарып салган.
Эми, ошол ишкерлер “Кербен” базарына келип, кайрадан монополия кылуу жана кыргызстандык ишкерлерди банкрот кылып, базарды басып алуу саясатына киришти.
Түшүнүктүү болуш үчүн салыштырып берели.
Мындан, бир топ жыл мурда Кыргызстанга Түркиялык “Пегасус” авиакомпаниясы кирген. Алар, алгач Бишкек-Ош абакаттамы үчүн билеттин баасын 900 сомдон, Бишкек-Москва үчүн 4000 сомдон билет сатышкан. Кардардын баары Кыргызстандык авиа компанияларынан баш тартып, “Пегасус” менен учуп калышкан. Кыргызстандык авиакомпаниясы кардарларынан ажырап, каттамдары учпай, банкротко учурап, самолетторун “Пегасус” компаниясына арендага берип, акырында жабылып калышкан. Жарым жыл ичинде башка компанияларды банкрот кылган “Пегасус” компаниясы толук түрдү авиа каттамдарды монополия кылууга жетишти. Учурда, алар каалагандай баа коюп, айрым учурда Бишкек-Ош каттамына 4000-5000 сомдон билет сатууда. Мына ушундай жол менен “Пегасус” кыргызстандык атаандаштарын жок кылып, банкротко учураткан.
Так ушул сыяктуу жол менен кытайлар Кыргызстандык ишкерлерди базардан чыгарып, банкрот кылып, жыйынтыгында соода-сатык иштерин монополия кылып алгысы келип жатат. Эми, кыргыз ишкерлери банкрот болуп базарды таштап чыгып кетсе, Кытайлар каалагандай баа коюп, билгенин кыларына күмөн жок.
Россия жана Казакстандан келген кардарлар түз эле аларга барып, кыргыз ишкерлеринин соодасытоктоп калды. Мурда, “Дордой” базарынын ээси Салымбеков менен “Алкан” базарынын ээси Алканов элдин кызыкчылыгын эске алып, кытайлыктардынмаксатынынишкеашуусунажолбергенэмес. Азыр, кыргызишкерлерин банкрот кылып, базардан кол жуупкалуусуна “Кербен” базарынынээси, “акжолчу” экс-депутат Абдрейим Кулбаев жардам берүүдө.
Абдрейим Кулбаевге кыргыздардын банкрот болуп, соодасы токтоп, миӊ деген ишкерлер жабыркаганы маселе деле эмес. Ага, кытайбы, ким болбосун капчыгына акча түшүп турса болду экен.
1 жылга чукул убакыттан бери базардагы ишкерлер тийиштүү органдарга, базар жетекчилигине кайрылышып, оӊ жооп ала албай келишет. Нааразы болгон ишкерлерди кытайларды “крышевать” эткен чоӊдор коркутуп, “каматып салабыз” деп басымырлап жатышат. Байлык үчүн миӊ деген кыргызстандык мекендештерин садага чаап жаткан Абдирейим Кулбаев 9 кытайдынтарабындаболуп, аларды милиция мененкайтартыпкойгон.
Ансыз да дүйнө кезип тентиген кыргыз, минтип өз жеринде өгөйлөнүп, монополист кытайларга басмырланып жатканы өкүнүчтүү.Бул маселеге бийлик башындагылар киришип, өзүнүн элинин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп чечип бериши керек. Антпесе, Кыргызстанды эмес, дүйнөнү басканкы тай базарга кошуп, элдин ырыскысын чогуу тартып алганы турат...
Эгерде Кыргыз Өкмөтү бул жагдайды жакшы жагына чечпесе, миңдеген үй-бүлөө жумушсуз калары турган иш. Көпчүлүгү жумушсуз эле калбай, көп суммадагы алган кредиттерин жабышы проблемага айланат. Ошондуктан,бийлик башындагылар тез арада көңүл буруп, Кыргызстандын базарына монополия кылгысы келген Кытайларга жана аларга койнун ачып, шарт түзүп жаткан азыркынын "Абыке-Көбөшү" Абдрейим Кулбаевге чара көрүшү абзел!”
Булак: NazarNews.kg