www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бектур Асанов менен чогуу ачкачылык кармаган саясатчылар Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров кечээ, 21-февралда саясий ишмерлердин өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алуу ачкачылыгын убактылуу токтотконун жарыялашкан.
Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, кылмыш ишин козгогон УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта "кургак ачкачылык" баштаган.
Бектур Асанов №47 абакта, ал эми Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.
УКМК өз дарегине айтылган айыптоолорго жооп бере элек.
Булак: NazarNews.kg