www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илгери кызга кырк үйдөн тыюу деп, кыздарбыз ыйманып турчу эле. Азыр болсо демократиянын шарданы менен азыркылар кайда баратканын түшүнүп болбой калды. Коомчулуктан тартынуу деген жок. Чычайтып тамекини тиштеп, ичкиликке тоюп алып көчөдө жиндилик салып жүргөндөрү толтура.
Эми анысы аз келгенсип, тоноочучулукка да барган кыздарыбыз кезигип жатканын көрүп, эх дегенден башка арга жок. Мына кечээ эле дүкөнчүгө бычак менен коркутуп, аны тоноп кеткен үч кыз кармалганы Бишкек ШИИБ кабарлады. Анда маалымдалгандай, ордо калаадагы болгон окуя 10-февралда орун алган. Сатуучунун айтымында, 3 кыз алгач дүкөнгө кардар катары кирип, андан кийин сатуучуну бычак менен коркутушуп анын 5 000 сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Аталган факт боюнча “каракчылык” беренеси менен иш козголуп, көп узабай милиция кызматкерлери шектүүлөрдү колго түшүргөн. Учурда шектүү кыздар камакка алынып, тергөө иштери улантылууда. Эми кармалган кыздардын жашын уксаң төбө чачың тик турат. Алсак, алардын бири Т.С 1997-жылкы болсо, Т.Г – 2000-жылкы жана Ы.Ж – 1999-жылкы болот деп жпзып чыкты Эгемен маалымат агенттиги.
Булак: NazarNews.kg