www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бектурдун өз алдынча басууга дарманы келбей калыптыр. Доктурлар глюкоза менен укол жасап жатышат. Мындай пикирин саясатчынын жубайы Алтын Эркебаева билдирди.
Анын айтымында 10-февралда абакта ачкачылык кармап жаткандар жубайлары менен жолуккан. Саясатчынын жубайы көп убакыттан бери кезиккенге тийешелүү органдар уруксат бербегенин айтып, жолугушууда үй-бүлө боюнча сүйлөшкөнгө гана үлгүргөнүн айтат.
-Жогорку Кенеш көңүл бурабы деп үмүт кылып турушат. Бирок, , бийлик тарабынан эч бир кабар жок –деди Алтын Эркебаева
Бүгүн Бектур Асановдун ачкачылык жарялаганына 14 күн Эрнест Карыбеков-13 күн, Кубанычбек Кадыров- 12 күн болот.
Ал эми бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф «ачкачылык кармагандардын бири – Кубанычбек Кадыров – суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык» деп билдирди.
Эске салсак, “УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин” жана “соттор адилет чечим чыгарсын” деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып “кургак ачкачылык” кармай баштаган. Ошондон кийин үчөө тең УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №47 колонияга которулган.
Булак: Каганат