www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды, “АЙмактарды өнүктүрүү жылы”-деп жарыялады. Демилгени ишке ашыруу үчүн жумушту эмнеден баштоо керектигин тажрыйбалуу коомдук ишмер Кемел Ашыралиевден сурап көрдүк.

– Кемел ага, президенттин аймактарды өнүктүрөлү деген демилгесин кандай кабыл алдыңыз?

– Биринчиден аймак деген бул айыл жерлери. Буга чейин айылда тиштеп, айылдыгын турмушун мыкты билген президент келген эмес. Акаев да, Бакиев да, башкысы да чет жерде көп жыл окуп, жашап, асфальтта чоңоюп, айыл-чарбасынан алыс болчу. Кыргызда “топо жалап, кык жыттаган бала” деп коет. Ошондой топо жалап, кык жыттап чоңойгон президент эми келди. Айылдын турмушу башынан өтүп, атаң көрү бир бийликке келип калсам ишти айылдан, алыскы өрөөндөрдү өнүктүрүүдөн баштайын деген ою болсо керек. Мен демилгеге макулмун, себеби мен да алыскы райондорду, облусту жетектегем.

– Негизги бизге областын кереги барбы?

– Дегеле, азыркы шартта экономикабыз эргий албай, акча-тыйын аз болуп, тышкы карызыбыз татаалдаштырып баратканда көп областтардын зарылчылыгы деле жок. Мисалы, Чүйгө, Көлгө, Таласка областын кереги эмне? Буларга эл деле өтө чоң акчаны жеп жатат. Кенедей Кыргызстанга, область, район, айыл өкмөтү деп далай баш оорутма тепкичтерди түзүп алганбыз. Мынча структуранын, бекерпоз чиновниктин кереги эмне? Эгер ошончолук эле область керек болсо, биринчи кезекте ирилештириш керек. Мисалы, Нарын менен Көлдү кошуп борборун Балыкчы кылып, Талас менен Чүйдү кошуп борборун Балыкчы кылып, Талас менен Чүйдү кошуп борборун Балыкчы кылып, Талас менен Чүйдү кошуп борборун Кара-Балта кылып, Ош, Жалал-Абад, Баткенди бириктиришип Ошту борбор кылса, миллиондогон бюджет үнөмдөлөт. Экинчиси, жетекчиге укукту кеңири берип, кызматын чыңдап, “өкүл” деген сөздү түп тамырынан жоготуш керек.

– Эмне үчүн?

– Себеби, “өкүл” дегендин маанисин карай турган болсок бул-“чабарман” деген эле сөз. “Өкүл” деген бүгүн барып эртең келе турган киши. Эгер губернатор деген аталышты жактырбай жатышса, облусттук өкмөттүн башчысы деш керек. Үчүнчүсү, эң негизги кадрды аблан тыкан тандоо зарыл. Ишти тартып кеткенге адистиги, билими, тажрыйбасы, деңгээли, ден-соолугу төп келген кишини дайындоо керек. Областты эксперимент кылбаш керек. Союз маалында облустун башчысы эмес, алыскы райондордун биринчи жеткечилерин да бүткүл Кыргызстан билчү. Анткени алар ар иште такшалып, анан районду башкарууга дайындалду. Азыр областын тургундары өзүнүн областтык “өкүлүн” ал кайдан, кандайча, кайсы сапаты үчүн келгенин билишпейт.

– Кадрлар өң тааныштык менен тандалып калды дейсизби?

– Ооба, премьер-министрлер 1 жылда эле алмаша берип жыйынтыгында кадр тандоо соодага айланып калгандай таасир калтырууда. Кеткенге чейин дайындап калайын деген максатта жакынын жана тыйыны барларды коюп, кайдыгер саясатты жүргүзүп жатабыз. Демократиянын да чеги менен колдонсок. Борбордо президент, жоон топ Жогорку кеңеш эл аркылуу шайланып жатабы, ошол жетет. Аткаруу бийлигинин башынан аягына чейин дайындоо жолуна өтүш керек. Областтын, райондун биринчи жетекчилери шайланбаса, тээ эң ылдыйкы тепкичтеги айыл өкмөтү эмне үчүн шайланат? Ал эптеп, же айылда туугандары көп, же кеңешиндеги 15 депутаттын алкымын майлап шайланып алып, элдин ишенимине ээ болгон депутаттар шайлады, областтык “өкүл” менен акимди эч ким шайлаган жок деп даяданып жүрөт. Эгер чыныгы демократияга таянсак, жалганбы, чынбы, айыл-өкмөтүн эл, депутаттар шайлап, эл сүйгөн, каалаган, жактаган жетекчи болуп жатпайбы. Аны аким же обласстык өкүл кызматтан албаш керек да. Мына кызык ушул жерде турат, шайлаганды шайланганбаган кантип кызматтан алат? Негизи айылдын жетекчилерин туура тандамайын өрөөн өркүндөбөйт. Айылда элдин кеңири катмарынан такшалып, тажрыйба алып, анан райондун, областтын жетекчилигине суурулуп, керек болсо Республиканы башкарууга баргыдай кылып 430 айыл өкмөтүнүн башчылары негизги кадрдык база болуп калыш керек. Президент Сооронбай өзү эле буга мисал болуп жатпайбы. Илгери союздук баатырлардын 95%ы, депутат, орден, сыйлык алгандар жалаң колхоз, совхоздун жетекчилери болгон. Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Матен Сыдыков, Кадыракун Базарбаев, Жамин Акималиев өңдүү залкар ишмерлер адегенде колхоз, совхозду башкарып келишкен. Азыр борбордо жүрүп эптеп кагаз жазган немени аким кылып алып барат. Анысы болгону өкмөттө же министерсвтодо реферант болуп иштеген. Ал районду билеби? Ал эми базарда байпак сатып жүргөндөр губернатор, мантв саткандар мэр болуп алды.

– Сиз облус башкарып турганда укугуңуз кандай эле?

– Мен губернатор болуп турган маалда облусстагы башкармалыктар менин макулдугум жок бекитилчү эмес. Ыраматылык Бакаевдин СНБнын башчысына, Куловдун милициянын облбашчысына, Чолпон Баекованын  облпрокурор жетекчилигине жөнөткөн кишилерин мен кабыл албай артка кайтарып, өзүм көрсөткөн кадрларды дайындагам. Бирок ошолорго керт башым менен жооп бергем. Иш болгондо алдыга жылат. Союз тараганда өгөй атасы таштап кеткен баладай талаада калганбыз. Ошол кезде Республика боюнча пенсияны ун, шекер, жадагалса галош, кыскасы колдо эмне болсо ошону менен натуралай берип калганбыз. Орус рублейинин күн сайын наркы түшүп, кагаз болуп калган. Жаңыдан сом кирип, аны жеткире албай кыйналганбыз. Бирок кыйын күндө башкарсак да таптатынакай кылып областын ишин жүргүгөнбүз. Мен майда- чүйдөсүн айтпай эле коеюн, көп чоң-чоң курулуш курганбыз. Союз күчтүү, гүлдөп турганда куралбаган, көп каражат, материал талап кылган троллейбусту Нарында жүргүзгөнбүз. Өзүм Москвага чейин барып Бишкектен 220кВт электр линиясын куруп, алып барганбыз. Эгерде ошондо 220кВт электр линиясы барбаганда Нарын областында бүгүн энергиялык катастрофа болмок. Мен Акаев менен да, Чыңгышев менен да айтышып, облустун таламын талаша берчүмүн. Азыркы губернаторлор президенттике, премьерге тике карап сүйлөй алар бекен?!… Сага областты ишенип бердиби, сен областтын кызыкчылыгы үчүн жан аябай жеңип чыгышың керек.

– Азыркы жетекчилердин дагы кандай кемчиликтерди көзүңүзгө өөн учурайт?

– Азыркы облус жетекчилерин борбордогу тойлордо, спорттук мелдештерди өткөргөн жерлерде, иши кылса күн сайын эле оюн-зоокто жүргөнүн көрөсүң. Мен борборго жыйналышканы келгенде түнү менен кайтып барып, эртеси таң атпай эле иште болуп калчумун. Жоопкерчилик күчтүү эмес. Эгер президент чындап регионду көтөрүүнү максат кылса ушул жагын да тизгиндеши керек. Облустун кайсы аймагында татаал маселе же ызы-чуу болсо биз ошол жерге заматта жетип барчубуз. Азыр губернаторлор, акимдер эл чогулган жерден качат.

– Сиздин баамыңызда бүгүнкү күндүн башкаруу системабыз туура багытта кетип бара жатабы?

- Бизде кош башкаруу болуп жатат. Кош башкаруу болгон жерде бош башкаруу өкүм сүрөт. Үй-бүлөңдө деле катының бир жагына, сен экинчи жакка тартсаң, балаң да бир жагына чоет. Жыйынтыгында эч кимиңдин иштегиң келбей, ар бириң тултуюп жүрө берсин. Биздин Республика ошондой кырдаалга келип калды. Акаев менен Бакиевге шылтап парламенттик ситемасын орнотобуз деп Конституцияны кабыл алды. Азыр же президенттиңде, же премьериңде, же парламентиңде толук укук жок, ким башкарып жатканы белгисиз. Жакында ТЭЦ боюнча парламентте ар кандай сөздөр айтылды, тилекке каршы толук жоопкерчиликти алган бийлик көрүнбөйт. Мына өсүп-өнүп жаткан Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү. Казакстандын президенти менен АКШ эсептешүүдө. Россия, Өзбекстан, Тажикстанды карачы, жоопкерчиликти бир киши алып жатат. Тажиктер кичине акчага олчойгон ГЭСтерди курууда. Динди ийине келтирип не деген тартипти орнотту. Анан эле биз сырайып парламенттик деп алып ызы-чуудан башыбыз чыга элек. Сооронбай Жээнбеков жасайм дегени менен кудурети жетеби, кеп ушунда! Бир жылы Акаев аялынын көңүлүн алайын дедиби, аялдар жылы деп жар салган, ал жыл кетти, аялдарын көйгөйү ошол бойдон кала берди. Кайсы бир жылды үй-бүлөнү өнүктүрүү жылы деп атаганбыз, андан эмне өзгөрдү? Баягы эле чырлашуу, ажырашуу, законду бузуп эки аял алуу, мындай мисалдар ар жыл сайын болуп жатат. Кыскасы, мурдагыдай эле Жээнбековдун койгон маселеси дагы куру ураан болуп калбаса экен деген эле ой.

Булак: Де-факто

Последние новости