www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садырдын кылмыш ишинде чын эле кылмыш бар»,- деп айтты саясатчы, президенттикке талапкер Бектур Асанов бүгүн, 20-ноябрда “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумунун жыйынында.

«Соттуулугуңар бар экен деп бизди шайлоого каттоодон баш тартышты. Ооба жакында биздин сотубуз болот. Бирок, ал сотто бизди актабаса же шайлоого катыштырбоо үчүн артка жылдырып коюшса, анда биз кургак ачкачылык жарыялайбыз. Бул боюнча бизде тажырыйба бар. Түрмөдө жатканда 17 күн ачкачылык кармаганбыз. Садырдын кылмыш ишинде чын эле кылмыш бар. Иниси чындап тапшырма берген жээндерине. Мен бир тууган жээни менен бир камерада кошо жаткам. Билбейм, Садырдын күнөөсүн аныкташтыбы же жокбу. Ал эми биздин иште кылмыш иши жок. Чай ичип олтуруп сүйлөшкөн сөздү эле жаздырып, анан камап салышкан», - деди Асанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости