www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Референдум биз үчүн оюнчуктай элеболуп калды», - деп жазды саясатчы Эмилбек Каптагаев бүгүн, 20-ноябрда өзүнүн Facebook баракчасына.

«Урматтуу мекендешим, замандашым!

Улуттук эгемендүү мамлекет – бул өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө болгон мүмкүнчүлүк, улут катары сакталып калуубуздун зарыл шарты. Кудайга шүгүр дейли, эки жүзгө жакын эгемендүү мамлекеттердин катарында Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп, башка мамлекеттердин катарында Кыргыз мамлекетинин туусун оболотуп көтөрүп жүрөбүз.

Бул чоң дөөлөт, кыргыз элине түшкөн Кут.

Учурда кеп мына ушул Кутту учурбай сактап калуу жөнүндө болуп жатат, бул жагдайды окурман туура эле түшүнүп турат деп ойлойм.

Кайсы заман, кимдин заманы болбосун өлкөбүздө Баш мыйзамды барчалай турган Референдум маселесинин козголушу менен ар бир инсандын, айрыкча саясатка аралашып, депутаттык же дагы бир мамлекеттик жүктү аркалап жүргөн атка минерлердин, аттуу-баштуу аксакалдардын абийири, ыйманы мезгил таразасына, тарых баталгасына коюлат.

Тилекке каршы мындай тарыхый сыноолордон ушуга чейин бир да жолу татыктүү өтө алган жокпуз. Аттуу-баштуу деген эле кишилер ыйманын жешти, а түгүл “Баланчаевге сын айтандар эл душманы” – деп да жиберишкенине күбө болуп келгенбиз. Бүгүн дагы ошол эле көрүнүш.

Учурунда куйрук улаш өткөрүлгөн референдумдардан тыянак чыгарып, алардан сабак ала албай калгандан улам кайра эле барып ошол “референдум” дегенге чалынып калып жатабыз. Референдум биз үчүн оюнчук сыяктуу болуп калды. Бийлик каалаган маселесин добушка койот, “дүжүрлөр” дуулдап колдоп чыгышат, анан “элдин жалпы колдоосу” менен бекийт.

Бул жаман жөрөлгө, акыры барып мамлекетти жок кылуучу көрүнүш. Ушулардан тезинен арылуу кыргыз эли үчүн учурлаш көйгөй.

Бийлик башындагы адамдын кызыкчылыгын көздөгөн Референдумду колдоп “кошоматка кой союп” сүйлөп жаткан “билермандар” ошол жосунсуз жоругу менен мамлекеттин тамырына балта чаап, жаңы жаңы гана калыптанып келе жаткан саясий маданияттын, элдин бийликке болгон ишениминин ташын талкан кылып, “мыйзам буйлаланган төө” деген эски түшүнүктү кайра бекемдеп, өлкөнү укуктук башаламандыкка түртүп жаткандарын түшүнүшпөдү, же түшүнүп турса дагы ыйманын жеп бийликтин сөзүн сүйлөштү. Акыл калчап акыйкат сөзүн айткандар аз болуп, саясий күн карамалыктын, жоопкерсиздиктин жана көңүл коштуктун өкүмү сүрдү.

Натыйжада эгемен мамлекет болгонубуз 30 жылга барып калса дагы тегеренип бир орундан жыла албай, мүңкүрөгөн бойдон турабыз. Он беш жылда үч жолку козголоңду, үч жолку бийликти күч менен алмаштырууну баштан өткөрдүк. Учурдагы кырдаал дагы эле сабак алып, тарыхтан маани-мазмун чыгар электигизди далилдеп турат.

Мындан 3 жыл мурда "Политклиника" гезитине "Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө" деген макалаларымдын сыйрасы басылган, жарым жылча, 17 санына катары менен. Кырдаалга ылайык ошол макаладагы сабактарды бөлүп кайра эске салып коюуну туура таптым.

1- сабак:

Улут жүзү болобуз деген кыязда жүрүшкөн саясатчы-депутаттар, акын-жазуучу же дагы башка чыгармачыл адамдар, окумуштуу-мударистер, эл ичинде сөзү бар аксакалдар, дымагы күчтүү жаштар, деги эле коомдук иштерде жигердүү позициясы менен төбөсү көрүнүп калган ар бир адам эки жүздүүлүктөн, кандай бийлик болсо дагы коштой чапма кошоматчылыктан, кол куушурма күн карамалыктан арылмайынча Кыргызстанда өнүгүү жок.

Коомдун таза болуусу – бул коомдун ыймандуу болуусу. Ыймансыздыкка, кошоматчылыкка, бет тырмарлыкка, курулай жалаа менен ушакка негизделген коом эч качан таза болбойт.

2 - сабак:

Бийлик менен мансаптын адамдын психологиясына болгон таасирин таануу, бул жагдайды дайыма эсепке алуу, эстен чыгарбоо.

Көрсө учурдагы түзүлгөн кырдаал жана ошол шартта адамдын коомдогу ээлеген орду, мансабы анын жүрүм-турумун, кыял жоругун аныктап, аң сезимин буруп, аларды таптакыр ойдо жок жагына карай өзгөртүп жиберүүсү мүмкүн экен. Мына ушундан улам жакшынакай эле кишилер мансапка жеткенде желмогуз болуп кубулуп кетип, антип кеткенин өзү да баамдабай калат турбайбы. Ошентип мансап менен бийлик адамдын акыл-эсин тумандатып, моралдык жана этикалык туюмдарын мокотуп сала турганы илимий жактан дагы, адамзаттын тарыхындагы көптөгөн окуялар жана мисалдар менен, өзүбүздө эгемендик жылдарында болуп өткөн эки Элдик революциянын себептери менен толук далилденген факт болуп калды.

3 -сабак:

Бийлик башындагы адамдын колун кыскартуу, аны мансапка манчыркатып, көзүн тумандатып аткан нерселерден арылтуу зарылдыгы, сот, прокуратура, милиция жана мамлекеттик коопсуздук кызматын саясий күрөштө пайдаланууга мыйзам чегинде тыюу салуу, аларды саясий күрөштүн алкагынан сырткары чыгаруу, жеке кызыкчылыкта курал катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу.

Антпесе саясий буюртма менен бейкүнөө адамдар кысымга алынып, аларга же алардын жакындарына кылмыш иштери козголуп, курулай жалаа менен соттолуп да кетип жатпайбы. Тагдырдын тамашасы ушул экен ошол Акаев, Бакиев, Атамбаев же Жээнбеков заманындагы “желдет” болуп келген тергөөчүлөр, сот-прокурорлор азыр дагы кызматта, ошолор эле иштеп жүрүшөт. Кече эле Садыр Жапаровду элге жолотпогула деп опуза кылып, ага кылмыш ишин козгоп, камап жүргөндөр бүгүн алар менен сыйлашып, кызматында жүрүшөт. Дагы бир заман оодарылып кетсе ошол эле тергөөчү, ошол эле прокурор Жапаров, Ташиев, Мамытовдордун өздөрүнө, алардын жанындагы жан жөөкөрлөрүнө кылмыш ишин козгоп, камакка алаары да шексиз эле иш. Мындай көрүнүш коомдо эки жүздүүлүккө, мамлекеттик кызматтын бейпринциптигине, ыймансыз мамлекеттик бийликтин калыптанышына шарт түзөт, дат сыяктуу мамлекеттүүлүктүн өзөгүн жеп, ичинен чиритип, элдин укуктук аң-сезимин бузат.

Бул авалдан чыгуу үчүн:

а) мамлекеттик кызмат абалын саясий кызыкчылыкта пайдалануу же пайдаланууга карата аракет кылуу жарандык жана саясий укуктар менен эркиндиктерге каршы жасалган өтө оор кылмыш катары каралуусун, мындай кызмат адамы (президент, премьер министр же дагы башка жогорку кызматтагы адам) токтоосуз кызматтан четтетилишин укуктук ченемдер аркылуу камсыз кылуу зарыл;

б) мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы адамдар өз карамагында иштеп жаткан кызматкерлерди кандайдын бир саясий партиянын максаттарын колдоого, саясий акцияларга жана шайлоо учурунда үгүт иштерине катышууга мажбурлоого аракет кылса сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу керек, ушундай мыйзам ченемдери калыптанууга тийиш;

в) соттун судяларынын , прокуратура, коопсуздук кызматы жана милиция кызматкерлеринин кандайдыр бир саясий максат менен же жогорку кызмат ордунда турган адамдын буйругу менен жеке адамдарга, саясий партияларга жана коомдук уюмдарга кысым көрсөтүүсү оор кылмыш катары каралып, мындай кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, өмүр бою юридикалык тармакта иштөө укугунан ажыратылуусу зарыл.

Бул сабактар, ошол сабактардан туура жыйынтык чыгаруу кандайдыр бир деңгээлде өлкөдөгү “жиндичиликти” токтотууга өбөлгө болот, бийлик башындагылардын колун кыскартат деген ишеним бар менде», - дейт саясатчы Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости