www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен Бектур Зулпуев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Зулпуев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2005-2009-жылдары президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүн жетектеген. 2009-жылдан 2010-жылы апрелге чейин юридикалык кызматты башкарган.
Президенттин милдетин аткаруучунун дагы бир буйругу менен президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына Садыр Жапаровду актаган судья Медербек Сатыев дайындалды. Ал 2013-жылы азыркы депутат Курманкул Зулушев менен кошо Бишкек шаардык сотундагы коллегиянын мүчөсү болуп туруп, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган. Кийинчерээк ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Сатыев менен Зулушевди кызматтан бошотуп жиберген.
Булак: NazarNews.kg