www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корутунду каржылык эмес, укуктук документ. Бул үчүн каржы министрлиги, салык кызматы эмес, юстиция министрлиги жооп берет. Анткени каржы министрлиги, “Кумтөрдү” салыктан бошотууга негиздеме катары сунуш киргизиши мүмкүн. Ал эми салык кызматты Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган келишимди ишке ашыруу боюнча Ѳкмѳттүн токтомунун негизинде иш алып барат. Бирок акыркы чечим Аида Салянова силер юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп турганда ошол укуктук корутунду менен чыкканы жалпы журтка белгилүү. Бул тууралуу пикирин саясатчы Ахматбек Келдибеков өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Адам ѳзү түркѳй болсо элдин баарын сабатсыз ойлонун кереги жок! Анткени, кылмыш кодексинде өкмөттүн жалпы чечими үчүн, жамааттык негизде анын бардыгына жоопкерчилик каралган эмес. Бирок кайсы бир чечимди чыгаруу боюнча жекече жоопкерчилик бар. Ошондуктан Салянова ѳзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жаап-жашыруу үчүн, мурдагыдай ар кимге жалган жалаа жаап жан сактайм десе анда бүгүн жаңылышат.

Алыска барбайлы, кечээ эле “Кумтѳр” улутташтырылып мамлекеттин, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштесин деп, биз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында “Ата-Журт” фракциясы парламенттин жыйынында байма-бай кѳтѳрүп жатканыбызда Аида айым силер кандай позицияны кармандыңар эле?

Мына ошол “Кумтѳр” маселеси боюнча “Ата-Журт” фракциясынын 3 депутаттына, алар кармалгандан кийин Кумтѳрдү, “Кыргызгазды” кѳтѳрүп чыккан мага, ар кандай жалган жалаа менен кылмыш ишин ачпадыңар беле? Эгерде, бүгүн силер айтып жаткандай, “Кумтѳрдүн” пайдасына иштеген, кыргыз элине, мамлекетибизге жасаган чыккынчылыгыңарга менин кымындай салымым болсо, анда силер мага жалган жалаа менен иш таап убара болбой ушул маселени 2013-жылы кѳтѳрүп чыкмаксыңар! Ошон үчүн элдин башын айландырып калп айтуунун токтоткула! Же далилиңер болсо мени сотко бергиле, мен силер менен сотто такташып алганга кудуреттим жетет, деп кошумчалаган Ахматбек Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости