www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ кечинде Түркияда коронавирустун 2 миң 26 учуру катталды. Бул май айынан бери аныкталган эң ири өсүш.Түркияда коронавирустун күнүмдүк көрсөткүчү сентябрь жана октябрь айларында жогорулоодо.
 
Эки күн мурун өлкөдө 1815 учур аныкталган, бул май айынан бери байкала элек рекорддук көрсөткүч. Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавируска каршы күрөштө биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана ийгиликке жетүүгө болорун айтты.

Маалымат үчүн, сентябрь айында Кожа өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталганын жарыялаган. Ал белгилегендей, бул мамлекеттик майрамдарга чогулган жарандардын этиятсыздыгы. Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда коронавирустук инфекциянын 350 миңден ашуун учуру аныкталды. Өлкөдө 9371 өлүм катталды. 305 миңден ашуун бейтап айыгып кетти. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 40 миллиондон ашты. 27,6 миллиондон ашуун адам айыгып кетишти. 1.12 миллиондон ашуун адам вирус жуктуруп алган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости