www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биз дагы 2010-жылы кандуу төңкөрүлүш кылганбыз. Бирок революция өз максатына жеткен эмес. Ошол себептен бүгүнкү күнгө чейин коогалаң азыркыга чейин уланып келет. Ошол убактта революция болгон маалда Алмазбек Атамбаев, Иса Өмүркулов арам ойлуу Өмүрбек Текебаев, култуңдаган Темир Сариевдер көралбастык оюндарын жүргүзүп, эл, мамлекет үчүн иштеген бир топ мыкты чыгаан кыргыздын жигиттерин баштарын тазалап, саясый кызыкчылыктан жеке кызыкчылыкка чейин өтүшүп, каралоо менен бир топ чыгаандардын келечегине балта чапкан”, - деди бүгүн, 23-октябрда коомдук активист Урматбек Акунов NazarNews маалымат агенттигине.

Ага кошумча, “Ошол учурда куугунтукка алынган эр азаматтардын ичинде Нариман Түлеев алдыңкы сапта турган. Алмаз Атамбаев Нариман Түлеевге болгон жалаа жаап, керегинче ага сокку кылганын калдайган калкты баары билет.  Баарыбызга белгилүү болгондой Нариман Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу катары убактылуу Бишкек шаарын башкаруучусу катары кечээ бекитилген. Тилекке каршы баягы эле Атамбаевчи менен Бабановчу, Сариевчилер эртең Бишкек шаардык мээриясынын алдына келип, Нариман Түлеевди кызматтан кетирип, ордуна жеке өздөрүнүн адамдарын коюну көздөп жатышат. Бул эмне деген чагымчылдык аракет! Убагында Нариман Түлеевдин Бишкек шаарын өнүгүп-өстүргөнү баарына дайын. Жаштарды алдыга салып, ызы-чуу кыла берсек мамлекетти жоготуп алабыз. Ар бирибиз жеке кызыкчылыктан алыс болуп, кызматта иштей турган, мамлекетти өнүктүрө алган дасыккан кадырды алып келишибиз керек. Буга чейин 5-октябрь элдик толкундоодо Чүйдүн кулуну Ж.Коёналиев менен Сокулуктун кулуну Темир Сариев Бишкек шаарынын мэрлигине көз артып, басып алууга чейин барып, өз максаттарына жетпей калган. Азыр биз мамлекетте саясый кризис болуп турган маалда Бакиевчил, Атамбаевчил, Жээнбековчул болуп бөлүнө берсек анда мамлекет өнүкпөйт. Алакандай кыргыз эркиндиктен жакын ортодо ажырап калабыз”, - деди Урмат Акунов.

Эске сала кетсек, эртең, 21-октябрда Бишкекте Нариман Түлеевге каршы митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Төрөхан Жунусбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал, "Урматтуу мекендештер, эски Бакиевдин кадры Нариман Түлеевди кетирүү митингине чакырабыз. Митинг эртең саат 10:00дө мэриянын имаратынын алдында өтөт", - деп жазган билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости