www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбукта кечээ ууруларды түрмөдөн чыгарып, Сапар Исаковду качырып жиберүүгө салым кошкондор: "...Матраимов мынча төлөсө болмок, анча төлөсө болмок..."-деп жазып жатышат. Силерге дагы дооматым бар. Силер Кытайдан алынган насыяны жеп алган Сапар Исаковду түрмөдөн бошотуп, аны менен кучакташып сүрөткө түшүп жүрдүңөр. Бүгүн карызга баткан Кыргызстандын тагдырына так ошол адам күнөөлүү. Бул тууралуу пикирин Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ага кошумча, "Максим Бакиев 150 млн$ сүйлөшүп койгон долбоорду 386 млн$ менен кайра башынан келишим түзүп, уурдап жеп, Кой-Ташка Атамбаевге үй салып берип көзүн боеп, кыргыздын ырыскысын каалагандай бөлүп алышкан. Анын кесепетинен бүгүн жумурай журт белине чейин карыз болуп отурат. Башына таш байлап сууга ыргытып эле жибере турган кылмышкерди кастарлап, тегеректеп алып качырдыңар. Анын жанына шыйпаңдап сүрөткө түшүп, "...Сапар Жумакадырович..."-деп бөйпөлөңдөп, Мадумаров баш болуп жүрдүңөр. Ошондо бирөөң дагы "..эй, сен кайсы бетиң менен арабызда турасың ыя?"-дегенге жараган жоксуңар. Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаев 111 000 000 долларга мамлекетти зыянга учураткан! Азыр мамлекеттин бюджети жыртык, казына каңгып калды, соңку окуялардан кийин.
Бүгүн Өкмөт эмне кылышын билбей турат. Жакында айрым чыгымдар кыскартылат. Пособие, пенсия жана айлыктарга эптеп акча таап жатышат. Акыркы айда аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн саны өсүп, кошумча 150 млн сом пособие үчүн керек болуп турат. Кызматтык унааларга бөлүнгөн күйүүчү май сыяктуу чыгымдар токтоп калышы мүмкүн. Сапар Исаков Францияда жыргап, винодон уурдап, жылмайып "мерси" деп жүргөнү ММКларда айтылып жатат. Аны Гүлнура Торалиева деген кеңешчиси узатып барса керек, азыр Турцияда жүрөт. Ууруну коштоп сүрөткө түшкөндөр, коштоп узаткандар дагы моралдык жоопкерчилигиңер бар. Кыргызды мойнуна чейин карызга батырып коюп, Францияга дыр койгон Сапар Исаковду изи сууй электе кармап келишиңер керек", - деди Дайырбек Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg