www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата мекендик эксперттер жана саясат таануучулар бул кадрлардын деңгээлин көтөрө турган туура жаңычылдык экенин белгилешүүдө. Аймактын жетекчисин алмаштыруу жакшы натыйжа берет жана мамлекеттин ичиндеги биримдикти бекемдейт деген пирики менен бөлүштү КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кеңешинин директору Бектурган Орозбаев. Ал ишке ашырылган долбоорлордун ичинен Ысык-Көлдүн айыл өкмөтүнүн башчысы республиканын түштүгүндө кандай иштегендигин айтып берди.
--"Мен жакында эле айыл өкмөтү менен маектештик, ал эң жакшы менеджер. Өзү Ысык-Көлдөн болот, көп инвестиция тарткан. Кийин аны түштүк аймакка – Ноокат районуна тартылып, башка райондо дагы тажрыйбасын көрсөттү көп инвестиция тарткан. Ал чындыгында эле түштүктө адамдар кандай жашашарын билген эмес, ага ушундай практика жагыптыр, өзү үчүн көп жаңычылдыктарды ачканын белгиледи. Мындай практика ал үчүн да, башкалар үчүн да чоң тажрыйба болду. Эми алган тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыргысы келет", - деп кошумчалады Орозбаев.
Бектурган Орозбаев жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өз алдынчалуулугун күчөтүү зарыл деп белгиледи. Ал реформа жакшы болуш үчүн өнөктөштүк мамиле болуш керек деп эсептейт. Анын айтымында, көпчүлүк адамдар дагы деле эскиче ойлонушат.
"Азыркы учурда биз бул рерседен алыстап кеттик. Ар кимдин өзүнүн бюджети болот, кадрлар жана финансы чектелүү болушу керек. Муну аягына чейин чыгаруу зарыл", - деди эксперт.
Булак: NazarNews.kg