www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ахматбек мырза менин назарымда ал ЖКда төрагалык қызматта турганда мамлекеттик тилибиз – кыргыз тилинин ЖКда өз ордун татыктуу ээлөөгө өбөлгө түзгөнү менен калды. Анткени ал ЖКга төрагалык кылган учурдан баштап депутаттарыбыз мамлекеттик тилибизге мамлекеттик мааниде мамиле кыла башташты. Бул талашсыз факт.

Ушундан улам менде Ахматбек мырзага қарай биздин мамлекеттик символикабызга урмат- сый менен мамиле жасаган саясатчынын бейнеси жаралды. Тиги сотторубуздун өкүмдөрүнө таянып А.Келдибековдун абийирине анализ кыла албайм. Кыскасы ЖК төрагасына жараган киши ажолукка жарабаганда кантмек эле?

Албетте жарайт жана жароого милдеттүү да болот, эгерде кыргыз элинин көпчүлүгү Ахматбек мырзаны ажолукка жалдоону чечишсе... Бир гана нерсе - кыргыз эли өзүнө ажо кылып жалдаган киши өзүн кыргыздын кожоюну катары сезбей, тескерисинче кыргыздарга кулдай ажолук кызмат кылаар киши катары алып жүрүүнү билүүсү кажет.

Мындан тышкары кыргыздар жалдаган ажо болоорун жон териси менен сезип, Орусия же Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн ажолорунун алдында кожоюнуна жойпуланган кулдай өзүн алып жүрбөстөн, тескерисинче кыргызды бүт ай ааламга уят кылбоого жарактуу болуусу кажет жана качан, кай жерде болбосун кыргыздын мамлекеттик символикаларын жүрөгүнүн түпкүрүндө сактап, кыргыздарга кулдай ажолук кызмат жасоого жөндөмдүү болуусу шарт.

Менимче эл журт Ахматбек мырзаны ажолукка жалдашчу болсо, А.Келдибековдо андай жөндөм жетишээрликтей эле...

Булак: "Алиби"

Последние новости